Menu

Нариман Түлеев: “Атамбаевдин колунда эчтекеси жок Сталбек Молдокулов деген өкүл баласы бар эле, Атамбаев президент кезде шумдук байыды, азыр аны Зилалиевге окшоп текшериш керек”

Бөлүшүү:

“Самолетто Атамбаевге жолукканда эле “карызыңды качан төлөйсүң?” деп сурасам Атамбаев чочуп кетти. Мен жёстко айттым да, өкүл баласы бар Атамбаевдин – Сталбек Молдокулов деген, ошого шылтап: “берип кой деп Сталбекке бергем, берген жокпу?” деп сурады”, – деп билдирди кечээ, 15-декабрда Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Түлеев “5-каналдын” журналисти Нарын Айыптын суроосуна жооп берип жатып.

“Атамбаевдин ошол өкүл баласы Атамбаев президент болуп турган  учурда катуу байыды да, эчтекеси жок эле бир бала болчу, азыр эми абдан байыды, шумдук байыды! Эми ошону да текшерсе болот да, “кайдан мынча байлык келди?” деп. Ошол баланы Зилалиевге окшоп текшериш керек. Атамбаев “мен ошол балама бердим эле” деген, “мен азыр Москвадан Бишкекке келейин, мен аны менен чечишип алайын, мен көрөйүнчү, ал эмнеге акчаны бербеди экен, тактайын”,  деп калды.  Мен макул болдум. Ишендим. Экс-президент сүйлөп атса, карызын бердим деп жатса кантип ишенбейсиң.  Анан Москвадан келгенден кийин мага Фарид жазып калды: “Алмаз Шаршенович, сиз менен жолуккусу келип жатат” деп. Менде ал смс жазышуу телефондо сакталып турат, скриншотун да жасап койдум. Мен айттым, “ээ каяктагы жолугушуу? Карызды төлөбөйсүңөрбү? “ десем, Фарид “мен бул маселени дүйшөмбү күнгө чейин тактайын, дүйшөмбүдө жооп берем” деди. Мен “Фарид, мен акыркы жолу дүйшөмбүгө чейин убакыт берип жатам, элге айтпай турам”,  дедим. Атамбаев ал карызды менин атаман 2007-жылы алган, анан эми берип коюш керек эле да. Дүйшөмбү күнүн акыркы мөөнөт деп айтсам да Атамбаев карызын бербей койду. Атамбаевдин байлыгы ушул.  Азыр мен Атамбаев 2010-жылга чейин кандай костюм кийип жүргөнүн, 2010-жылдан кийин кандай костюм кийип калганын, президент болгонго чейин кандай үйдө жашаганын, президент болгондон кийин кандай үйлөрдү салганын, кандай саат тагынып, кандай машинада жүрүп калганын баарын иликтеп койдум, учуру келгенде Атамбаев кантип жана качан байыганынын бетин ачып элге көрсөтөм,” – деди Нариман Түлеев.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: