Menu

Бегимай Ивакова, 1-вице-Мисс: “Элдин жүрөгүнөн орун алган алып баруучу болгум келет”

Бөлүшүү:

Жакында өткөн сулуулар сынагында вице-мисс наамын татыктуу жеңип алган кыргыздын кымча бел сулуусу Бегимай Ивакова болду. Эл арасында борбор калаабызда байма-бай өтүп жаткан сулуулар сынактарынын жеңүүчүлөрүн ич ара сынга алышып, ким кимден сулуу деген талкуу жаралган. Ал талкууда 1-вице мисс наамын жеңген Бегимай Ивакова «Кыргызстан сулуусу» наамына татыктуу дегендер да болду. Биз Бегимай менен жакындан таанышып келечекке койгон максаттары, сулуулар сынагы тууралуу кеп курдук.

—Жакында сулуулар сынагында байгелүу орунга жетиштиң, кандай сезимдер болду?

—Жеңишим күтүүсүз болду. 1-вице мисс наамын алганымды укканда аябай толкунданып ыйладым, кудайга ыраазычылык келтирдим. Кайсы бир орунду жеңем деп ойлогон эмес болчум, бирок бардык катышуучулардай эле алдыңкы орундарга илинүү каалоом бар болчу.

—Сынак акыйкат эле өттү деп ойлойсуңбу?

—Менимче сынак реалдуу эле өттү. Калыстар тобу дагы баарына баам салып, негиздүүжыйынтык чыгарышты, калыс болушту деп ойлойм.

—Өзүң жана үй-бүлөң жөнүндө окурмандарга айтып берсең?

—Мен 1996 – жылы 23-ноябрда Бишкек шаарында төрөлгөм. Өзүм Бишкекте төрөлгөнүм менен ата-энем Көлдөн болот. Биринчи класска борбор калаабыздагы №70 гимназия мектебине барып, ошол жактан 11-классты аяктагам. Кийин Кыргыз-Орус Славян университетинин реклама жана пиар адистигине тапшырып ушул жылы аяктадым. Үй-бүлөм тууралуу айтсам, 3 бир тууганбыз. Үйдө мен эң улуусумун, анан эки иним бар, ортончубуз 3 жашта болсо эң кичүүбүзгө 2 ай болду.

—Учурда эмне менен алексиң?

—Быйылкы жылы жогорку окуу жайды аяктаган соң жеке ишкерликти баштагам, соода тармагында. Ошол бизнесимди өркүндөтүүнүн үстүндө иштөөдөмүн. Мындан тышкары хобби катары фотомоделдик кесип менен алектенем. Бош убактымда китеп окуганды жакшы көрөм.

—Келечекке кандай пландарды коюп жатасың?

—Жакында НТС телеканалынан сунуш түшүп, азыр алып баруучулук кесипти аркалап баштадым. Эртең
мененки «Таң Шоола» программасынан көрсөңүздөр болот. Буюрса өзүмдү теле жаатында билимимди, тажрыйбамды жогорулатып, элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан, элдин кулагына сөздөрүм сиңген алып баруучу болгум келет. Мындан тышкары жеке ишкерлигимди дагы өркүндөтсөм дейм. Өзүмдү ар тараптан сынап көрүүнү чечтим, андыктан бардык тармакка өзүмдүн мүмкүнчүлүктөрүмдү жумшап жатам. Интернеттеги инстаграм баракчам аркылуу жардамга муктаж адамдарга жардам колун созгум келет. Мунун үстүндө да иштөөдөмүн. Жардам бергиси келген демөөрчүлөр болсо эшигим ачык, келгиле «Көп түкүрсө көл болот» дейт, көптөп жардамга муктаждарга жардам берели деп чакыра кетейин.

—Кыргызстандын алдыңкы сулуусуна кандай мырзалар жагат, болду экен?

—Негизи мага жакчу мырзаларды көп деле талап менен бөлүп карабайм. Болгону сөзүнө турган, берешен, адамгерчиликтүү, ак көңүл жана аял затын сыйлай билген мырзалар жагат.

 Маектешкен: Сайкал Илиасова

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 37 = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: