Menu

Иран өз жарандарын Мекеге зыяратка жөнөтпөйт

Бөлүшүү:

“Сауд Арабия түзүп жаткан “тоскоолдуктардан” улам ирандыктар быйыл Мекеге ажылыкка барышпайт” – деп билдирди Ирандын маданият министри Али Жаннати жекшембиде.

Өлкөнүн ажылыкты уюштуруу комиссиясы “Сауд Арабия ирандыктардын зыяратка баруу укугуна каршы чыгып, Жаратканга карай жолду тороп жатышат” – деп сындады. Саудиялык расмий адамдар болсо Иран делегациясынын сапары 27-майда ажылык боюнча соңку келишимге жетишилбестен аяктаганын маалымдашты. Ал эми электрондук виза берүү өңдүү маселелерде мунаса табылганы айтылды.

Ушул жылдын январь айында Сауд Арабияда белгилүү шиит динаятчысы өлүм жазасына тартылгандан кийин өлкөнүн Тегерандагы элчилигине демонстранттар чабуул коюп, Эр-Рияд Иран менен мамилелерин үзүп салган.

Экинчи жагынан Иран расмий адамдары зыяратчылардын коопсуздугу камсыздалмайынча өз жарандары Сауд Арабияга жөнөтүлбөсүн айтып келишкен. Былтыр Каабанын жанындагы диний жөрөлгө маалындагы тебелендиде калып, жүздөгөн зыяратчы набыт болгон. Тегеран алардын кеминде 460ы ирандыктар болгонун ырастап, Саудия бийлигин ажылыкты начар уюштургандыгы үчүн айыптаган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 31 = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: