Menu

Майк Пенс: АКШ Орусия менен жаңжалда Украинаны колдоосун улантат

Бөлүшүү:

АКШнын вице-президенти Майк Пенс Вашингтон Орусия менен жаңжалда Украинаны колдоосун улантып, анын аймактык бүтүндүгүн сактоо аракетине көмөктөшө турганын билдирди.

1-сентябрда Польшанын баш калаасы Варшава шаарында Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолуккан Пенс АКШ Крым боюнча Киевдин мыйзамдуу талабы менен макул экенин айтты. Пенс менен Зеленский Польшага Экинчи дүйнөлүк согуштун башталганынын 80 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасына катышуу үчүн барышкан.

АКШ Украина үчүн маанилүү өнөктөш. Вашингтон 2014-жылы Крым жарым аралынын аннексиясына жана Москванын Украин чыгышындагы жикчилдерди колдогондугуна байланыштуу Орусияга каршы санкцияларды киргизген.

Буга чейин Киевге барган АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон Варшавада Зеленский менен Трамп жолугушу мүмкүн экенин билдирген. Бирок АКШ президенти Флориадага жакындап калган катуу бороондон улам, бул сапарынан баш тарткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − 82 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: