Menu

Соттолуучуну сабаган Таштүрмөнүн эки кызматкери жазаланды

Бөлүшүү:

Ташкент облустук соту соттолуучуларды резина союлдар менен сабаган Таштүрмөнүн эки күзөтчүсүн эки жылга түзөтүү жумуштарына кести. Айыпталуучулар соттун өкүмүнө макул эмес.

Алардын туугандары, күзөтчүлөр кол салууга аракет жасаган соттолуучуну жоошутуу үчүн абактын эрежелерине ылайык иш алып барышканын айтып, Жогорку сотко доо арыз менен кайрыларын билдиришти.

Жазаларды аткаруу башкармалыгынын өкүлү эки күзөтчү камерадан ызы-чуу жараткан соттолуучуну жоошутуу үчүн резина союл колдонгонун, мында кылмыш белгилери жок экенин айтты. Бирок бул боюнча акт түзүлгөн эмес, буга байланыштуу №1 абактын сегиз кызматкерине сөгүш жарыяланган.

Видеокөзөмөл камералары соттолуучунун сабалган учурун жазып калган.

Ташкенттик юрист Одилбек Рахимбердиевдун айтымында, видеодо соттолуучу күзөтчүлөрдүн өмүрүнө коркунуч жаратпаганын, аны сабабай жоошутуугө мүмкүнчүлүк болгонун белгиледи. Ошол эле маалда ал күзөтчүлөр катаал жаза алганын кошумчалады.

Соттолуучу 2018-жылы 30-октябрда сабалган. Ал адвокаты аркылуу президенттик порталга даттанган. Жабырлануучу депрессия жана стресттен улам камеранын эшигин какканын, аба жетишпей, күзөтчүлөрдөн дарыгер чакырууну суранганын билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 16 = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: