«Өнүгүүчүлөрдүн» таалайына тийген Айыл чарба министрлигин ушу тапта Турдуназир Бекбоев «айдап» жүрү. Ансыз да ышпалдасы чыгып бүткөн тармакты бул «шоопур» түзүктөп айдай албай атканы ырас. Башкы тракторист Бакыт Төрөбаев же бул адамды башка бир тыңыраагына алмаштырбай койду. Бирок ушу тапта Тукенин ишин өкмөт башчы катуу карап жатыптыр. Ишенимдүү булактардын маалыматына караганда, жакында айыл чарба министри Турдуназир Бекбоев ээрден шыпырылат экен. Туура. Өзү иштей албаса, кызматын өткөрүп берсин да.
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ