Menu

Өзбекстанда болбой калган концерт үчүн банк кызматкерлеринин маяналарынан акча кармап калышты

Бөлүшүү:

Фергана облусунун Кокон шаарында банк жана салык кызматкерлеринин айлык акыларынан болбой калган кайрымдуулук концерти үчүн акча кармап калышкан.

28-майда Кокондун борбордук стадионунда эстрада ырчыларынын катышуусунда кайрымдуулук концерти өтмөк. Билеттерди сатуудан түшкөн каражат аз камсыз үй-бүлөлөргө берилмек. Бирок белгисиз себептерден улам концерт болбой калган.

Шаардагы банк кызматкерлерине – 60, базар жана соода комплексинде иштегендерге – 852, салык өкүлдөрүнө – 1020 билет мажбурлап таратылган. Бир билеттин баасы 2652 сум (0,3 доллар) турат.

Кокон шаарындагы айрым банк кызматкерлеринин айтымында, кайрымдуулук концертин калаа администрациясы демилгелеген.

Бирок шаар бийлиги бул маалыматты четке какты. Кокон администрациясы кайрымдуулук концертин өкмөттүк эмес уюм уюштурганын, сатылган билеттердин акчасын кайтарууга жардам берерин билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − 49 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: