Кечээ, 29-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту экс-депутат Каныбек Осмоналиевди 3-июлга чейин камакта калтырды. Бул тууралуу анын адвокаты Чынгыз Бердимуратов Фейсбуктагы баракчасына жазып чыккан.
“Профессор Каныбек Осмоналиев кармалып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө изоляторуна камалган, ушул күнгө чейин тергөө аракеттери жүргүзүлбөйт. Ал 2-мартта Ала-Тоо аянтындагы тынчтык митингинде башаламандык уюштурган жана мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп айыпталууда. Конституцияда ар бир адам өз оюн, ой-пикирин эркин билдирүүгө укуктуу деп айтылат. Тынчтык митингине чыккандар учурдагы бийликти сынга алышкан” – дейт Чынгыз Бердимуратов.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ