Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология боюнча агенттиги берген маалыматка ылайык 2016-жылдын 4-апрелинен 8-апрелине чейинки аба ырайы.
Бишкек шаарында 4-апрел күнү мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 3…5° жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 11…13° жылуу болушу күтүлөт.
Ош шаарында 4-апрел күнү мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 4…6° жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 12…14° жылуу болушу күтүлөт.
4-апрел күнү көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу аймактарда автожолдордо тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
5-апрел күнү жаан-чачын күтүлбөйт, 6-апрел күнү кээ бир тоолуу райондордо бир аз кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу аймактарда автожолдордо тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет.
7-апрел күнү дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт, 8-апрел күнү жаан, тоолуу райондордо кар жаашы кутүлөт. Абанын температурасы өзгөрүлүп турат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ