“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн күндүз Бишкек шаарынын Баетов көчөсүндөгү үйүнө кимдир бирөөлөр киргенин билдирди. Анын жубайы үйүнө келгенде эшиги ичинен жабык тургандыктан кире албай жолдошуна телефон чалган. Саясатчы андан соң милицияны чакырганын, алар иликтөө жүргүзүп жатканын айтты.
– Менин үйүмдүн кире беришинде эки катар эшик бар. Аялым ичиндеги бир эшикти ача албай койгон, анын үстүнө үйдө кимдир бирөөлөр жүргөнүн байкаган. Милиция учурда үйдө текшерүү иштерин жүргүзүп жатат. Кирген адамдар баалуу буюмдарга тийбептир, курал салынган сейфти ачуунун аракетин көрүп, ары-бери кулаткан экен. Мени кооптондурганы – алар документти алгандан мурун, кандайдыр бир нерсени үйгө калтырып кетиши мүмкүн. Ошондуктан азыр милиция дыкат текшерүү жүргүзүп жатат.
Кечээ УКМК Өмүрбек Текебаев менен бирге эки фракциялашы 2012-жылы “Альфа Телекомдун” улутташтырылбаган 50% акциясын сатууга аракет кылгандыгы тууралуу документтерди жарыялап, Башкы прокуратура муну иликтөөгө алды. Текебаев болсо УКМК жалган документтерди көрсөтүп жатканын айтып чыкты.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ