Menu

Улуттун кусуру урган Сарпашев

Бөлүшүү:

Өткөн жумада жарыяланган президенттик шайлоо алдындагы коротулган каражаттар тууралуу тизме талкуу чордонунда. Тизмени тиктеп олтурсаң, башың айланат. Оңду-солду карабай чачылган каражаттар бир тобунун түн уйкусун бузуп жаткандай. Бизди кызыктырганы Тайырбек Сарпашевдин ошол шайлоого 8 000 000 (сегиз миллион) сомдон ашык каражатты «кошумча» кылганы болду. Баягы козголгон кылмыш иши табышмактуу кыскарганынын жөнү биякта жаткан турбайбы, иттики. Анткен менен, ал кылмыш иши кайра жанданып, учурда Тайырбек мырзанын айласы алты кетип жүрү.

Сарпашев деген алкынды самындай жылмышып, кайсы бийлик болбосун тилин таап келген эмеспи. Бирок, бул бийликтин короосуна жолой алган жок. Тайырбек мырза кыргызга кандай кызмат кылып, кандай жакшылык кылганын эстей албадык, бирок, кыргызга кылган кыянаттыгы кыргыз паспортундагы улут «графасын» жокко чыгарганы болду. Ушундан эле Сарпашевден түңүлсө болот. Улуттун кусуру уктатпайт да акыры…

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: