Menu

Кол астындагылардын эсебинен сайрандагысы келген Сагинбаева

Бөлүшүү:

Бир кезде Саламаттыкты сактоо министри болуп, кийин Улуттук госпиталды жетектеп, бирок бир кадам дагы алдыга жылыш жасаганга жарабаган жетекчи Сагинбаева Динара айымга Улуттук госпиталды оңдоп түзөө иштеринде кетирген мыйзам бузуулары үчүн кезектеги кылмыш иши козголуптур. Бул сан жагынан алганда канчанчы ирет экендигинен башың айланат. Себеби, буга чейинки козголгон кылмыш иштери ар кандай себептерден улам кайра эле жабылып келет. Ишмердигине көз жүгүртсөк, Батукаевге эркиндикке «жолдомо» алып берип кылы кыйшайбай, андан кийин «чуманын» чуусу чубалып, ага улай фармацефтикалык былыктары каалгып, баш көтөргөн киши менен эле соттошуп, бирок жеңилип келет. Айта берсең сөз көп… Бул жолку козголгон кылмыш иши дагы «жабылбайт» деп ким кепилдик бере алат?! Иштин кандай аяктаарына баам салып турабыз деңизчи, бирок биздин редакцияга кайрылган атын атагысы келбеген жаран Сагинбаева ушул жылдын октябрь айында Улуттук госпиталдын 140 жылдык мааракесин өткөргөнгө далалат жасап жаткандыгын кабарлады. Мааракени өткөрсүн, ага эч кимдин каршылыгы жок. Болтону Сагинбаева мааракени врачтардын жана кызматкерлердин эсебинен өткөрө турганы кызык болууда. Ар бир бөлүмдөн 500 АКШ доллары өлчөмүндө жана ресторанга ар бир кишиден 2 миң сом өлчөмүндө акча чогултууга буйрук бериптир. Кол астындагылардын нааразылыгы күчөп, каңырыгы түтөп турган кез. Маянага жашаган кызматкерлерге бул аргасыз төлөм олчойгон эле сумма болуп атпайбы. Эгер иш билги жетекчи катары каржы булагын таап, элди кыйнабай майрам өткөрсө эч ким каршы болмок эмес. Мындай «жалган майрамдын» кимге кереги бар?! Анан да ал акчалардын канчасы майрамга жумшалат, канчасы Сагинбаеванын капчыгына түшөт, бир Кудай билет…

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 + = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: