Menu

«Азия Ньюс» гезитине жарыяланган «Кыянбек кызматынан кыйшайганы калдыбы?» деген макалага жооп катары…

Бөлүшүү:

«Азия Ньюс» гезитинин 26-июль, 2018-жылдагы №29 (265) санында «Кыянбек кызматынан «кыйшайганы» калдыбы?» аттуу куш тилиндей маалымат жарык көргөн. Аталган макалада Кыянбек Сатыбалдиев мэр болуп турган учурда бала бакчанын курулуш иштеринде миллиондор желип кеткендиги тууралуу баяндалып, каршы маалыматтар жазылган. “Миллиондор” деп тим эле асман чапчыган акчаны айтып жатышканы күлкү келерлик. Ал жерде республикалык түрткү берүүчү грант аркылуу болгону 2 млн. 900 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Бирок, бала бакчаны оңдоп-түзөө иштерине Сатыбалдиев такыр аралашкан эмес. Жадагалса түзөтүүдөн өткөрүлгөн бала бакчаны кабыл алууда (АКТ) ал бул кызматта болгон эмес. Анүстүнө курулуш иштерин жергиликтүү дагы эмес, тендерден утуп алган борбордон келген компания жүргүзгөн. Эгер чындап эле мыйзам бузуу аныкталса, анда ошол компания эмдигиче жоопкерчиликке тартылмак. Бул иш убагында тийиштүү органдар тарабынан тыкыр изилденип, кылмыштын курамы жок болгондугу туурасында укуктук баа берилген (бул жагынан факты бар). Ошого карабай иштин кайра-кайра көтөрүлүп жаткандыгынын зарылчылыгы эмнеде?

Бул жерде кеп башка. Майлуу-Суу шаарынын мэри болуп иштеп, бир топ алгылыктуу жумуштарды аткарган Сатыбалдиев 2015-жылы Жогорку Кеңешке аттанган. Бул шаардан ага атаандаш катары Талантбек Мамытов да койгон. «Коркок биринчи муштайт» болуп, добуштарды алдырып коюудан корккон Мамытов Кыянбек Сатыбалдиевге карата «кара пиарын» ошондо эле баштаган. Каржы полициясында иштеген бир тууган агасы аркылуу мыйзамсыз текшерүүлөрдү жүргүздүрүп, мажбурлап иш козготконго чейин барган. Ал аз келгенсип текшерүү иштерине «көзкарандысыз эксперт» деп өзүнүн тууганын дайындап койгон. Шаардык кеңештеги төрт дежур депутаттарды колдоп, дайыма Сатыбалдиевге каршы иштетип келет. Качан болсо калкты эмес, кара курсактын камын ойлогон ошол жалданма жан-жөкөрлөрү Мамытовго жагалданып, Сатыбалдиевди ушул күнгө чейин жамандап келишкенин эл деле түшүнүп, аларга эч ким деле ишенбей калган. Азыр эми эптеп Жогорку Кеңешке депутат болуп келген Мамытов кызматтык креслосунан пайдаланып, түшкө кирбеген түрдүү жоруктарды жасап жаткандыгы Кудайга да жакпаган көрүнүш. Коомчулукка таза, түз жүргөн жигиттей көрүнгүсү келген Таланттын бирөөнү көрө албаган, эки адамды бириктирбеген, арам ойлуу адам экендиги элге деле ачыкталып калды. Эгерде чынында эр көкүрөк болсо эрдемсинип эшиктин артынан сүйлөбөй, эркекче эле маселени чечип алганы эмне тоскоолдук кылып жатты экен? Ал канчалык күйпүлүктөп, акчасын ары-бери чачып, ар кандай ушактарды чыгартпасын, Кыянбек Сатыбалдиевдин күнөөсү эле азайганы болбосо, кылы деле кыйшайган жок…

Жаныш Галмаматов, Жалал-Абад шаары

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 + = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: