КВНдеги Кыргызстандын “Азия микс” командасынын мүчөсү, өзбек артисти Ситора Фармонова өзбек басылмаларына маек берип, уят сериалга тартылууга чакырышканын айтып берген.
“2008-жылы Голливуддан сунуш түштү. Sony Entertaiment Production компаниясы ТНТ телеканалы менен биргеликте сериал тартууну көздөшкөн. Мага 700 миң доллар сунуш кылышты. Бирок 50-сериясынан кийин уят жерлери башталат экен. Мен дароо баш тарттым. Сериал 350 сериядан турат. Уят жерлеринен мени алмаштыра турган кыз болорун айтышты. Баары бир макул болбодум. Мен эч качан эч бир акчага уят, сандырак тасмаларга тартылбайм”, – дейт Ситора айым.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ