Menu

Арпасы кар алдында калган суусамырлык дыйкандарга жардам берилет

Бөлүшүү:

Бүгүн, 18-февралда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин кызматкерлери Чүй облусунун Жайыл районундагы жергиликтүү дыйкан-фермерлерге агрозоовет окуусун өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Анда, дыйкандарга сапаттуу үрөөндөрдү колдонуу керектиги, топурактын асылдуулугун сактоо үчүн органикалык таза жер семирткичтерди колдонуу зарылдыгы түшүндүрүлдү. Дыйкандар үрөөндүн жакшы сорттору, аларды пайдалануунун ыкмалары тууралуу өздөрүн кызыктырган суроолорду
узатышып, тийиштүү деңгээлде жоопторду алышты.

Айыл чарба министрлигинин Дыйканчылыкты, үрөн чарбачылыкты жана органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Жигитали Жумалиев Суусамырда былтыр күзүндө жыйналбай кар астында калып кеткен арпа аянтынын ээлерине жардам бериле турганын айтты. Анын
айтымында, Премьер-министр кол койгон жарлыкка ылайык, арпасын жыйноого жетишпей, кар алдында калып кеткен дыйкандардын банктан алган насыясы болсо, аны төлөө мөөнөтү узартылды. Дыйкандар ушул жылдын күзүндө насыясын төлөйт.

Андан сырткары Айыл чарба көргөзмөсү да болуп өттү. Анда Жайыл районундагы жергиликтүү ишкерлер өндүргөн товарларын көргөзмөгө коюшту. Банктардын өкүлдөрү дыйкандарга арзан пайыздык чен менен айыл чарба техникаларын сатып алса болоорун айтып беришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: