Кара-Балта шаарында жаңы үйлөнгөндөр үйлөнүү үлпөтүндө паркта асманга тапанча менен ок чыгарды. Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине, Жоруктар кодексинин 121-беренеси (“Калктуу конушта ок атуучу куралдан ок чыгаруу”) менен катталган.
Милиция ок чыгарган жаш жубайлардын өздүгүн аныктады. Күйөө бала Панфилов районунун 29 жаштагы тургуну Ч.М. 19-сентябрда ал үйлөнгөн. Ал Кара-Балта шаарынын сейил бактарынын бириндеги өзүнүн үйлөнүү үлпөт тоюнда ок чыгарган.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ