УКМК жаракат алган атайын аскерлерге кымбат баалуу дары-дармектер керек деген маалымат чындыкка дал келбестигин билдирет. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.
Азыркы тапта Кой-Таштагы окуяда жаракат алган бардык кызматкерлерге ар тараптуу медициналык жардам көрсөтүлүүдө жана керектүү дары-дармектер менен толук камсыздалган.
Ошол эле учурда УКМК жарандардан жаракат алган жоокерлер үчүн акча чогултууга багытталган шектүү акцияларга катышуудан баш тартууга чакырат.
Эгерде так маалыматтарды алгыңыз келсе 0312 66 04 75 номуру боюнча УКМК нөөмөт кызматына байланышсаңыздар болот.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ