“”Ачык саясат” гезитинин редактору, Атамбаевдин тарапкери Назгүл Мамытованын күйөөсү Фархад Борукеев 7-августта Кой-Таштагы Алмаз Атамбаевдин үйүнө аны кармоого келген УКМКнын “Альфа” атайын даярдыктагы бөлүгүнүн жоокерлерин чоң таяк менен башка-көзгө койгулап, сабап жүргөнү фото жана видеоматериалдарга түшүп калган”, – деп жарыялады журналист Дайырбек Орунбеков бүгүн, 11-августта Facebook сациалдык тармагында.
“Ошондуктан бүгүн, 11-августта УКМК менен ИИМдин тергөө кызматтары Фархад Борукеевди суракка чакырышты”, – деп жазат Дайырбек Орунбеков төмөнкү фотолорду тиркеп.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ