Кара-Суу районунун Жаңы-Маданият айылында 2-класстын окуучусу электр тогуна урунуп каза болду. Маалым болгондой, 26-август күнү кечки саат 20:00 чамасында окуучу бала ойноп жатканда кокустан электр тогун кармап алган. Аны жакындары Ош облустук балдар ооруканасына жеткиришкен. Ал эми дарыгерлер бала ооруканага жеткенге чейин каза болгонун айтышты. Учурда окуучунун денеси экспертизага жөнөтүлүп, тактоо иштери жүрүп жатат.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ