Президент Алмазбек Атамбаев БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алды. Жолугушууда мамлекет башчы Баш мыйзамга ылайык, 19-ноябрга туш келүүчү президенттик шайлоого чейин бардык кемчиликтерди жоюп, мүчүлүштүктөрдү жок кылуу менен ачык, таза шайлоо өткөрүүгө даярдык көрүүнү тапшырды.
Президент ачык, таза шайлоо гана өлкөдө бийликтин легитимдүүлүгүн жана саясий туруктуулукту кепилдей аларын белгиледи.
Шайлдабекова Борбордук шайлоо комиссиясынын иши, шайлоо системасын жакшыртууга көрүлүп жаткан аракеттер тууралуу маалымат берди. Ал мурдагы шайлоолордо кетирилген кемчиликтердин негизинде добуш берүү жараянын жакшыртууга зарыл бардык чаралар көрүлүп жатканын айтты.
Быйыл күзүндө Кыргызстанда президенттик шайлоо болот. Ага ат салышуу дымагын азырынча үч саясатчы расмий билдирди. Баш мыйзам боюнча Кыргызстанда президент алты жылдык мөөнөткө бир жолу шайлана алат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ