Menu

Айыл чарба министрлиги : Жазгы талаа иштерине насыя берүүгө 7 млрд сом каралып, мал чарбачылыкка жана өсүмдүк өстүрүүгө – 10%, экспортко багытталган айыл чарба өндүрүшүнө –6% менен насыя берилет

Бөлүшүү:

«Жазгы талаа иштерине карата насыя берүүгө быйыл 7 млрд сом каралган. Өкмөттүн токтомуна ылайык, 3 багыт боюнча үч жылдык мөөнөткө (36 ай): мал чарбачылык тармагы жана өсүмдүк өстүрүү үчүн – жылына 10%, айыл чарба азыктарын кайра иштетүү жана экспортко багытталган айыл чарба өндүрүшүнө – жылына 6% менен насыя берилет. Учурда каражат алууну каалагандардын саны өсүүдө», – деди Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш, өнөр жай жана мелиорация министри Нурбек Мурашев бүгүн, 14-февралда өткөн маалымат жыйынында.

Министр 2017-жылы Кыргызстандын айыл чарба тармагында экспортко басым жасалаарын баса белгилеп, ЕАЭБ жана Европа рыногуна сүт азыктары, мөмө жемиштер жана кургатылган жер-жемиштерди чыгаруу пландалып жаткандыгын айтты.

Министр Нурбек Мурашевдин маалыматында, 2016-жылы 450 миң тоннадан ашык айыл чарба азыктары экспорттолгон болсо, быйыл экспорттун көлөмүн 500 миң тоннага жеткирүү пландаштырылууда.

Ошондой эле 2017-жылы 260 даана айыл чарба техникалы алынып келинет.

Айыл чарба тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев белгилегендей, учурда 35 миң тонна жер семирткич облустарга таратылды. Майга чейин дагы 140 миң тонна берилет. Мындан сырткары Мамлекеттик материалдык резервдер Фонду тарабынан дагы 40 миң тонна минералдык ресурстар бөлүнөт.

Жазгы айдап-себүү иштерине карата даярдыктар боюнча өткөн жыйынга Айыл чарба тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Нурбек Мурашев, министрдин орун басары Жаныбек Керималиев, министрдин орун басары Эркинбек Чодуев, министрликтин алдындагы суу чарба департаментинин директору Көкүмбек Таштаналиев катышты.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: