Бакирдин аксакал парламент трибунасынан ар убак жүйөлүү көйгөйлөрдү көтөрүп калат. Бул сапар танаписке тыныгуу алган убакта Жогорку Кеңештин имаратынан карпа-күрп кезиге калып, гезит үчүн да учкай суроо салып койдум.
– Бакирдин ага, жанараак парламент жыйынынан тарыхый макамы бар борборубуз Бишкек шаары боюнча суроону кабыргасынан коюп чыктыңыз. Мындай кадамыңыздын арты саясат жыттанбайбы? Президенттик шайлоо алдында Чүй кланы, айрыкча андагы генералитет активдүү роль ойноп, түрдүу «оюндарды» уюштуруп ийгенге маш элеңер… Же Бишкек шаары боюнча дагы көтөргөн аргументтериңиз барбы?
– Чунак жигит, кылдан кыйкым издеп, кайдагы саясат жытын айтасың да. 1991-жылы андагы легендарлуу парламенттеги 350 депутаттын колдоосу менен биздин республикабыздын борбору болгон Фрунзе шаарына Бишкек баатырыбыздын ысымы ыйгарылган. Тилекке каршы, ошондон бери өлкөбүздүн башка булуң-бурчтарын мындай кой, өзүнүн ысымы ыйгарылган борборубузда Бишкек баатырыбыздын эстелиги же салынган музейи да жок. Элестетсеңер, баш калаабызга аты ыйгарылган тарыхый инсаныбызга арналган бир дагы эстелик же музейдин борборубузда жоктугун? Бул кандай? Өлкөбүздүн баш калаасына келген көпчүлүк туристтер, алыс-жакындан келген коноктордо, өсүп келе жаткан жаш муундарыбызда «бул Бишкек деген эмне деген ат?» деген суроо туулат экен. Ошондуктан, мындай маселени мен парламенттин трибунасынан да кабыргасынан коюп, борбор шаарыбыздын ылайыктуу, көрүнүктүү жерине Бишкек баатырыбыздын эстелигин орнотуп, музейин салып алсак калаабызга келген меймандар, окуучу, студенттерибиз ага келип, тарыхый инсаныбыздын ким экенин жакындан билип алышат эле деген ой-тилек менен көтөрүп чыктым. «Инсандарын унутпаган эл – улуу эл» деген кеп бекеринен айтылган эмес. Тарыхый аты бар бабабызды эстебесек келечек муунга кандай үлгү калтырабыз? Ушуну ойлонушубуз керек да. Анан сен кайдагы саясатты айтасың! Өзүңөр билгендей, 2012-жылы Бишкек баатырдын 310 жылдыгына карата ал кездеги премьер-министр Өмүрбек Бабановдун колдоосу менен өкмөттүн атайын токтомуна колу коюлуптур. Тилекке каршы, ал токтомдун бир дагы пункту иштебей, андагы кабыл алынган Бишкек баатырдын мааракесин өткөрүү боюнча иш-чаралар ишке ашпай калыптыр. Жакында Чүй облусунун нарк билген, салт билген аттуу-баштуу аксакалда менден Бишкек баатырдын эстелигин орнотуу, музейин негиздөө боюнча сунуштарын беришкендиктен, эл өкүлү катары мен да мындай жүйөлүү маселени парламенттин трибунасынан көтөрүп чыктым. Чүйдүн аксакалдарынын «мамлекеттик казынанын учурдагыдай тартыштыгынан улам бул маселе дагы да узарып кетпес бекен?» деген санаркоосу да бар. 2012-жылы тарыхый инсаныбыз болгон Бишкек баатырдын эстелигин тургузуу, ал боюнча мааракелик жакшы эскерүү иш-чараларды уюштуруу боюнча атайын марафон уюштурулуп, 7 миллион сом каражат чогулуптур. Андыктан, мамлекеттик казынадан бир тыйын да албастан көпчүлүктүн колдоосу менен чогултулган 7 миллион сомго эстелигин тургузуп, музейин уюштурууга даярдыгын Чүй боорундагы бир топ аксакалдар билдиришти.
-2012-жылы 7 миллион сом чогултулса, андан бери беш жыл өтүптүр, ал акчаларды жымырып ийгендер болду да. Кантип эле беш жылдан бери ошол акчаны чыпчыргасын коротпой сактап турушсун?
-Жоголбой-этпей эле ал каражат жеке колдо эмес, өлкөбүздөгү банктардын биринин эсебинде сакталып турат.
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ