Menu

Адам укуктары боюнча Европа соту Өзбекстанга качкынды өткөрүп бергендиги үчүн Орусияга 19500 евро айыппул салды

Бөлүшүү:

Адам укуктары боюнча Европа соту Ташкентке өзбек продюсери Мирсобир Хамидкариевди өткөрүп бергендиги үчүн Орусияга 19,5 миң евро айыппул салды. Соттун чечимине ылайык, 2014-жылдын 9-июнунда оппозициялык продюсер Хамидкариев орус бийлигинин жардамы менен атайын кызмат тарабынан уурдалып, Ташкентке жеткирилген.

Маалыматты «Мемориал» эл аралык укук коргоо борборунун адвокаты Илларион Васильев ырастады. «Айыппулду Орусия Федерациясы төлөйт. Чечим боюнча даттанууга дагы үч ай бар. Бирок үч айдан кийин бул чечим баары бир деле күчүндө калат деп ойлойм. Эл аралык уюмдар өзбек продюсеринин ишине байкоо салууда: Amnesty International укук коргоо уюму жакында Хамидкариевди коргоо боюнча атайын акция өткөрүүнү пландап жатат», – деди ал.

Васильевдин айтымында, Ташкентке мыйзамсыз өткөрүлүп берилгенден кийин Мирсобир Хамидкариев өзбек соту тарабынан 8 жылга эркинен ажыратылган. Ал 2014-жылы соттолуп, учурда дагы 5 жылдык жаза мөөнөтү калды. «Өзбек телеканалдары Мирсобир «террорчу» экенин моюнуна алган буйрутма интервьюну көрсөткөндөн кийин ага карата кыйноо токтоптур. Бели сынганына карабастан азыр таш казып иштеп жатат. Жубайы абактагы шарттардын начардыгынан улам күйөөсүнүн тиштери түшүп калганын айтууда», – деди ал.

Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын маалыматына караганда, Мирсобир Хамидкариев 2009-жылы тарапташтары менен бирге «Ислам жихадчылары» деген уюм түзгөн. 2011-жылдын 3-январында Өзбекстанда ага каршы кылмыш иши козголуп, Ташкенттеги 1,5 миллион АКШ долларына бааланган мүлкү мамлекеттин пайдасына алынган. Ошол эле жылдын 1-апрелинде мекенинде ага издөө жарыяланып, 7-июнда Орусия ИИМи аны издөөдөгү адамдардын федералдык тизмесине кошкон.

Кармалганга чейин Орусияда жашап жүргөн Мирсобир Хамидкариев дарегине айтылган айыптоолордун бардыгын тең четке кагып келген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: