Бүгүн, 18-февралда КТРКнын Байкоочу кеңеши 14-мартта өтө турган КТРКнын Башкы директордук кызматына шайлоого талапкер катары арыз жөнөткөн 22 талапкердин документтерин текшерип, 3 талапкердин документтери толук болбогондуктан аларды экинчи айлампага өткөргөн жок.
Алар:
1. Элдар Аттокуров. Өмүр баяны, КТРКны өнүктүрүү программасы, саясый партияларда жана диний уюмдарда мүчөлүктө турбагандыгы тууралу өзү жазган кепилдик каты жок болуп чыкты.
2.Жылдыз Муслимова. Паспортунун көчүрмөсү менен саясый партияларда жана диний уюмдарда мүчөлүктө турбагандыгы тууралу өзү жазган кепилдик каты жок болуп чыкты.
3.Бөлөкбай Шеримбеков. Паспортунун көчүрмөсү, Эмгек китепчесинин көчүрмөсү, саясый партияларда жана диний уюмдарда мүчөлүктө турбагандыгы тууралу өзү жазган кепилдик каты жок болуп чыкты.
Экинчи айлампага 19 талапкер өттү:
1. Илим Карыпбеков
2. Мирбек Мурзабеков
3. Малика Курманова
4. Каарманбек Кулуев
5. Мирлан Самыйкожо
6. Адиль Турдукулов
7. Жайнак Үсөн уулу
8. Болотбек Тиллебаев
9. Ибрагим Нуракун уулу
10. Сураган Босунбаев
11. Эркинай Эшанкулова
12. Галина Байтерек
13. Куттумидин Базаркулов
14. Алим Токторов
15. Ишен Айтмамбетов
16. Абдихалил Ахматов
17. Дүйшөк Мамбетөмүров
18. Сюита Соурбаева
19.Замирбек Казакбай уулу.
Булардын ичинен 10 талапкердин саясый партияларда жана диний уюмдарда мүчөлүктө турбагандыгы тууралу өзү жазган кепилдик каты жок болуп чыккандыктан аларга андай мазмундагы катты жазып тапшырууга 3 күн убакыт берилди.
Бүгүн бул айлампадан өткөн 22 талапкер 28-февралда Байкоочу кеңештен аңгемелешүүдөн өтүп, өз программаларын жарыялашат.
Ал эми 14-мартта Байкоочу кеңеш шайлоо өткөрөт. “Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” мыйзамга ылайык, башкы директорду Байкоочу кеңеш жабык добуш берүү жолу менен 4 жылга шайлайт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ