Menu

Видео – Мирлан Жээнчороев, ЖК депутаты: “Кореядагыдай кылып экс-президентти камап, ал жараткан саясый элитаны тазаламайынча өнүкпөйбүз”

Бөлүшүү:

“Коррупция бул бир эле тергеп-соттоп, андан ары абакка кетире бергенден турбайт. Коррупцияны түп-тамырынан жок кылыш үчүн анын шарттарын да жок кылыш керек. Шарттарынын бири – бул биздин улуттук трагедия. 30 жылга жакын бир эле ошол келген президентти, өзү да ошого ыктыяр болуп, ажыдарга айланып, коррупциялаган көп схемаларды түзүп, бирөөнүн аркасынан бирөө келип, ошону менен калып калып жатат” – деп билдирди депутат Мирлан Жээнчороев 14-февралда Жогорку Кеңештин Бишкек ЖЭБиндеги коррупцияны талкуулаган отурумунда.

“Саясий элита ууруларга толуп, бандиттерге толуп, спортклубдарын ачтырып, бүгүн саясий элита болуп эсептелип, ошол кишилер келип калды.Мына, трагедия ушуда. Кошоматчылар, кечээ күнү мына айтып кетти, бир жолдун наамын берели, экинчиси “его превосходительства!” деп, “улуу урматтуу” деп чөгөлөп турганда. Алар ушул ажыдаарлыкка жеткирип, кошо уурдаганга шарт түзгөндөрдү саясий элитадан тазаламайынча алар эч качан Кыргызстан оңолбойт. Бизге дагы бирөө акыл үйрөтүп жатат, премьер-министр болуп иштеген бирөө “Бизде акылсыз жана жалкоо гана уурдабайт” деген кишилер бүгүн акыл үйрөтүп жатат. Алар көчөлөргө, өздөрүнүн айылдарына батпай турган болсо мындай коррупция кеңейбейт болчу. Трагедия эмес, экс-президенттер отурат, дүйнөлүк практика бар. Кореяда канча президент олтурду. Кеткен сайын иш козгоп, иштеп атканда эле иш козгоп, эгерде коррупцияга аралашкан болсо, жетектеген болсо абакка олтурат. Бизде болсо президенттер качып кеткенден кийин алардын чөйрөсү бүгүнкү күнгө чейин аралашып жүрөт. Ошол себептен алиге чейин Ширшов, “Ширшовские схемы” деп энергетикада айтылып жүрөт. Кадрдык саясаттта аксоолор бар, канча жыл өтсө да ошол кишилер ушул жерде олтурат. Уурдоо схемаларынын башында олтурат. Ширшовдун жан сакчысы алигиче “Дастан” заводунда директор болуп олтурат. Бул эмне деген күрөш. Күрөш аягына чейин жетиш керек. Саясий элита тазаланыш керек. Нак көрсөткөн бүгүнкү күндөгү мисал, мына, шаардын борборунда турган “Ата-Түрк” паркын 100 белгилүү үй бүлө бөлүп, тытып алган. Мына ошолор бүгүнкү күндө саясый элита. Алар кетмейинче, жаңыланмайынча коррупция менен биз күрөшө албайбыз, жеңе албайбыз! Мына, насыяда биз түп-тамыры саясатты өзгөртүшүбүз керек. Насыя алууда биз карашыбыз керек, тартынбашыбыз керек. Улуттук кызыкчылыкты карашыбыз керек. Саясый элитаны тазаламайынча, кошоматчыларды кетирмейинче, ажыдар жараткан саясый элитаны жоготмойунча биз алдыга жылбайбыз. Бишкек ТЭЦи боюнча кылмыш ишин тергөө аягына жетип, уурулар жазалансын”, – деди Мирлан Жээнчороев.

Булак: KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: