Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети КР Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасын ишке ашыруу алкагында “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомунун толук кандуу иштөөсү үчүн финансы ресурстары менен камсыз кылуу боюнча сунушуна макулдук берди. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Каржы министри Адылбек Касымалиев “Арзан турак жай – 2015-2020” программасын ишке ашырууга 3 млрд 700 млн сом тартыла турганын билдирди. Анын айтымында, ар биринин 5 жылдык мөөнөт менен наркы 1 миӊ сомдук мамлекеттик казыналык облигациялар чыгарылып, ал Мамлекеттик ипотекалык компанияга 10 жылдык мөөнөт менен ссуда катары берилет. 3,7 млрд сом каражат 2500 кардардын турак жай алуусу үчүн насыя катары берүүгө жетет.
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын маалыматына караганда, ушу тапта 17 млн сом өлчөмүндөгү каражат 21 кардарга жеӊилдетилген насыя катары берилди. Алар 185 кардардын ичинен тандалып алынган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ