Menu

Ахматбек Келдибеков: “А.Мадумаров, К.Ташиев үчөөбүздүн кимибиз президенттик жарышка чыгарыбызды чече элекпиз…”

Бөлүшүү:
Жогорку Кеңештин экс-спикери, кыргыз элинин чыныгы патриот, мекенчил инсандарынын бири – Ахматбек Келдибеков бир нече жылдан бери сот процесстерине шылтоолоп, маек бербей келгени белгилүү. Басма сөзгө чыкса да, негизинен сот ишине байланыштуу гана суроолордун тегерегинде кеп салып берчү. Ошону эске алганда, бүгүнкү Ахматбек мырзанын маеги көп жылдан берки биринчи баарлашуусу болуп саналат. Биз өлкөдө орун алган бардык окуялар боюнча А.Келдибековдун позициясын билүүгө аракет жасадык, анда мархамат, маек назарыңыздарда…
–  Коомчулукта сизди “президенттик шайлоого барат, штаб түзүп, ишти катуу баштады”,- деген кеп тарады. Алгач ушул кептин чын-бышыгын өз оозуңуздан угалы?

– Биринчиден, гезитиңиздерге, окурмандарга өткөн жылдын мыкты адамы деп баа бергени үчүн чоң рахмат айтам, жалпы кыргыз элине да ыраазычылыгымды билдирем. Жыл жаңыргандан кийинки биринчи маек болгондуктан, кыргызстандыктарды Жаңы жыл менен да куттуктайм. Бул жыл – Короз жылы, жакшылыктын, молчулуктун, тынчтыктын жылы болсун деп тилек кылам. Өткөн жыл Кыргызстанда гана эмес, дүйнөнүн бир топ өлкөлөрүндө ар кандай кырсыктар менен коштолду. Жаңы башталган жыл андай абалдардан алыс болсун. Бирок, жыл башында каргашалуу окуя болуп, орду толгус жоготууга учурадык. Ата-бабаларыбыз “Бөөдө кырсыктан Кудай сактасын” деп бекеринен айтышпаган экен. Учак кулап, канча жарандарыбыздын өмүрүн алып кетти. Кайгырып турган элиме үй-бүлөмдүн, өзүмдүн атымдан терең кайгыруу менен көңүл айтам. Мындай чоң жоготууда, чоң кайгыда бири-бирибизди көңүл айтуу, жылуу сөз, маркумдарга Куран окутуу менен гана жубата алабыз. Курман болгондордун ордун материалдык канча жардам болбосун, толтура албайбыз. Окуя болгон учурда чет жакта элем, трагедия болгон жерге барып, көз көрсөтө албай калдым. Анткен менен кырсыкка кабылган ар бир жарандын кайгысын жон терим менен сезип турам. Жылуу сөзүм менен, материалдык жактан болсо да ар дайым колдоого даярмын.

Экинчиден, Кыргызстанда саясатчылар болобу, журналисттер болобу, оозубузга келгенди сүйлөгөнгө көнүп алдык. Бирөөнү билип-билбей жамандоо, каралоо чоң күнөө. Тилекке каршы, күнөө экенин билип туруп, фактысы, соттун чечими жок эле бири бирибизди айыптуу кылууга маш болуп калдык. Башымдан мындай нерселер көп өттү, мамлекеттик да, бийликке кошомат кылган мамлекеттик эмес да телеканалдар күнү-түнү мени жамандап туруп алышкан. Алардын айрымдарын сотко бердим, бирок бүгүнкү күнгө чейин сот бир жактуу чечим чыгарбай, создуктуруп, же такыр эле карабай жүрөт. Мисалы, “Фабула” гезити менен “Эгемен” сайтынын кожоюну ким экенин жакшы билебиз. Саясатчынын саясатчы катары саясатына баа берүүгө болот, бирок адамдын өзүнө гана тийиштүү жеке жашоосуна аралашууга эч кимдин укугу жок. Бизде бул чек каралбай калды. Жөнөкөй жарандар соцтармактардан бийликке карата тескери айтып койгон пикири үчүн УКМК тарабынан куугунтукка кабылышты, ал эми бийликтин гезит-сайттарында жарыяланган курулай каралоого эч ким жооп бербейт. “Мыйзам баарына бирдей”- деген сөз иш жүзүндө аткарылбай турганын ушундан билсе болот. Муну бийликтин эки жүздүүлүгү деп таануу керек. “Ата Мекен” фракциясынын депутаты болуп жүргөн Жоомарт Сапарбаевдин шайлоо учурунда менин дарегиме карата негизсиз сөздөрү үчүн сотко бергем. Сот менин пайдама чечим чыгарып, утуш мен тарапта болгон. Чечим боюнча Сапарбаев КТРК аркылуу жарыялаган каралоосун артка алып, кайра эле ошол телеканалдан сөзүнө оңдоо бериши керек эле. Бирок, бул чечим аткарылбады. Анан да моралдык зыянга  1 миллион сом талап кылгам. А сот “10 миң сом төлөп берсин”- деп милдеттендирди. Башкаларга 1 миллион, 2-3 миллион сом доо өндүрүп беришет, мага келгенде 10 миң сом болуп калды. КТРК “Келдибековдун чет өлкөдө 500 машинасы бар” деген маалымат тараткан. Ушул эле маалымат “5-каналдан” да кеткен. Мен аларды да сотко бергем, бирок сот создуктуруп карабай жүрөт. Телеканалдар бийликтин тапшырмасын аткарганы ушундан улам белгилүү болуп калды.

Үчүнчүдөн, биз Камчыбек Кыдыршаевич, Адахан Кимсанбаевич үчөөбүз “саясатта бирге болобуз, бир адамдай чечим кабыл алабыз”- деп бириккенбиз. Бириккенибизди жарыя кылаарыбыз менен бийликтин сайт-телеканалдары чабуу башташты. Алардын ою эптеп эле бизди ажыратуу, ортобузга чок таштоо экени оорукчан адамга да көрүнүп турат. Биз эгер арабыздан бирибиз президенттик шайлоого бара турган болсо, расмий жарыялайбыз деп сүйлөшкөнбүз. Ошондуктан, “Келдибеков президенттик шайлоого барат экен, штаб ачыптыр” деген сөздөрдүн баары жалган. Бизде арабыздан бир талапкер чыгарып, калганыбыз ага иштейбиз деген чечим болгон, бирок ага азырынча жете элекпиз. Кимибиз чыга турганыбыз съезд, курултай өткөргөнүбүздөн кийин гана анык болот. Мага журналисттер телефон чалып, кимибиз президенттик шайлоого барышыбыз мүмкүн экендигин сурашканда, жооп бербей эле коеюн дегем. Баарынан жаманы, менин айткан сөзүмө өздөрүнүн сөзүн кошуп “толуктап” чыгарып салышыптыр. Анткен менен ушак кеп биздин ынтымагыбызга доо кетире албайт. Анткени, үчөөбүз тең башыбыздан көп нерсени өткөрдүк.  Эл бүгүн ким ак, ким кара экенин билип калды. Дагы бир жолу расмий айтайын, президенттикке талапкер боюнча чечим кабыл ала элекпиз.

– Сиздер бириккениңиздерде айрым маалымат каражаттары “тез эле кайра ажырашышат” таризинде жазып чыгышты. Жеке сиздин оюңуз кандай, орто жолдон таркап кетпей, аягына чейин бирге болобуз деп кепилдик бере аласызбы?

– Кепилдикти бир гана Алла Таала берет. Баарыбыз пендебиз, пенде болуп туруп “кепилдик берем” деп айтуу: “Алла Тааладан да кыйынмын”- дегенди билдирип калат. Өзүм үчүн жооп беришим мүмкүн, мен аягына чейин чогуу тура алам. Камчыбек Кыдыршаевичке да, Адахан Кимсанбаевичке да ишенем. Үчөөбүз биригүү алдында бул кадамыбыз коомчулук тарабынан ар кандай кабылданаарын да эске алганбыз. Ортодон ниети начарлар чыгып, ажыратыш үчүн ар кандай кептерди жаратарын да билгенбиз. Ошондуктан, кандайдыр бир сөз пайда болсо, “чогуу отуруп чечишебиз”- дегенбиз. Жогоруда айтылган ушак кепти талдаган да жокпуз. Анткени, анын калп экенин билебиз.  Биз кайсы бир тарапка керек болгондуктан, кайсы бир шарт-жагдайдын негизинде эле аргасыз бириккен жокпуз. Бул чын ыклас менен ташталган кадам болду.

– Азимбек Бекназаровдун да сиз тууралуу айтканы маалымат каражаттарына жарыяланды. Анда саясатчы сизди аялыңыз башкара турганын белгилеп, “андыктан президент болбошу керек” дегендей билдириптир. Буга эмне дейсиз? Ушул сөздү ал кишинин чындап эле айтышына ишенесизби?

– Азимбек Анаркулович биринчиден мага кайнага болот. Экинчиден, чогуу депутат болуп, саясатта чогуу жүрөбүз. Үчүнчүдөн ага катары да, саясатчы катары да сыйлайм. Оозунан чындап эле чыккан-чыкпаганын сураган жокмун. Жаңы жылга чейин да, андан кийин да чет жакта жүргөндүктөн, тактаганга  мүмкүнчүлүк болбоду. Өз оозунан чын-калпын укмайынча, бир жактуу “айта алат”, же “айта албайт” деп баа берүү туура эмес. Мына, сиз жеңенизди жакшы тааныйсыз, анын менин ишиме аралашканын, кимдир бирөөнү мен аркылуу жумушка койдурганын, же алдырганын уктуңуз беле? Жакындан билгендер антип айта алышпайт. Башыма кыйын иш түшкөндө жогорку билимдүү бир туугандарымды, жөнөкөй эле мамлекеттик кызматтарда иштеп жүргөн жеринен жумуштан кетиришти. Аларды мен койгон эмесмин, баары өз күчү менен тирилигин өткөрүп атышат. Жумуштан айдалгандары трагедия деле болбоду, андан кийин да жашоо бар экен, турмуштары өтүп атат. Өз учурунда спикер кезимде, мени “коомдук кеңешчилери көп экен, бюджетке зыян келтирип жатат, кыйратып дагы буларың кандай кеңеш бермек эле?”,- сыңары, эмне деген гана кептерди жайылтышпады. Коомдук кеңешчи айлык албайт, башка бир таасирлери деле жок, ошону да чоң нерсеге айлантып алышты. Президентте, спикерде, депутаттарда канча деген коомдук кеңешчилер бар. Алар коомдук кеңешчилер катары жөн гана кагазда эле  жазылып турушканы болбосо, башка таасирлери деле жоктугун жакшы билишет. Ошондуктан каралайт десе эле каралай берүү болбойт. Мунун баары саясий оюн. Жалган жалаа жапкандарды Кудайга койдум. Таба эмес, тобо кылам, мага жалган жалаа жаап, түрмөгө отургузганга салым кошкондордун 80%ы өздөрү бүгүн мен көргөн күндү көрүп атышат. Мен аларга, үй-бүлөсүнө жакшылык гана каалайм, бирок жасаган туура эмес ишиң эртеби-кечпи өзүңө кайтаарын да унутпаш керек.

– Президенттин мөөнөтү бүтүп баратат. Президенттин иштеген жылдарын жалпылап караганда кандайдыр бир жаңылык, өсүштү көрө аласызбы?

– Ар бир мамлекеттик ишкана, мекеме, губернатор, аким, айыл өкмөттөрдүн иштеген ишинин жыйынтыгы социалдык-экономикалык көрсөткүч менен бааланат. Социалдык-экономикалык көрсөткүч өсүш бербесе, элдин жашоо-турмушу алдыга жылбаса, айыл чарба тармактары өнүкпөсө, анда ага “2” деген баа бериш керек. Мен экономикалык тил менен айтып атам. Мени айыпташканда “башка айларга салыштырмалуу июль айындагы көрсөткүч 2-3 миллион сомго аз болуп калыптыр”- дешкен. Аны эч ким уурдап алган эмес. Жыл жыйынтыгы боюнча эсептегенде, тескерисинче башка жылдарга караганда 1,5 миллиард сом көп киреше киргени аныкталган. Бирок, бир айдагы көрсөткүч кылмыш ишин ачууга негиз болуп берген. Ал эми азыр салык, бажы кызматтарында жыл жыйынтыгы менен эсептегенде 5-10 миллиард сомго жетишпестик болуп атат. Аларды соттогон эч ким жок. Тескерисинче, “өсүш болуп атат” деп мактап жүрүшөт.

Экинчиден, мага тагылган дагы бир айыпта, Жогорку Кеңештин 89 депутатынын добуш берүүсү менен Москвада өкүлчүлүк ачылып, кайра жокко чыгарылганын кармашты. Ошол эле учурда Энергетика министрлиги, Миграция министрлиги депутаттардын кол көтөрүүсү менен түзүлүп, бир жылдан кийин ал токтом жокко чыгарылды. Мында 100 миллиондогон акчалар жатат, бирок эч ким айыптуу деп табылбады, эч кимди камашкан жок. Мен жөнөкөй сөз менен түшүндүрүп атам. Бүгүн каржы көп кетип, натыйжасы аз болгон тараптарга ыктап атабыз. Ким экенин эсимде жок, бир саясатчы 100 миллионго электр лампочкаларын сатып келгендин ордуна, ошол акчага лампочка чыгарган завод куруп койсо болот деп айтыптыр. Бул туура. Жыл сайын 500-600 миллион сом кетирип, кытайлык компанияларга жолдорду оңдотобуз. Ошол акчага Кыргызстанга мамлекет ошондой компанияларды түзүп койсо, жол оңдотуу иштери арзан дагы, сапаттуу да болмок.

– Ошондо “президент Атамбаевдин иштегени текке кетти, Кыргызстанды өнүктүрүүгө эч кандай салым кошкон жок” деген ойдосузбу?

– Журналисттер эптеп эле саясатчынын оозунан тиги жаман, бул жаман деген сөздү чыгаргыңар келип турат экен да. Мен реалдуу аткарылган иштерге карап, адамдын ишине баа бергим келет. Мисалы, башкаруу системасын алалы, Атамбаев жалгыз өзү отуруп алып, бардык министрликтерди иштете албайт да. Аны иштете турган өкмөт бар, демек, беш жылда беш өкмөт алмашса, беш өкмөттүн баасы “2”. Андагы жыйынтыкка карата мамлекетти башкарган адамдын ишмердүүлүгүнө баа берилет. Кадрдык саясаттан аксайбыз, акимден баштап губернатор, министрлерди карап көрүңүзчү. 80%ы турмуштук тажрыйбасы жок, өз алдынча чечим кабыл ала албагандар. Баары өкмөт башчысынын же президенттин оозун карашат. Ошонун кесепетинен мамлекеттин социалдык-экономикалык көрсөткүчү ылдый.

– “Ата Мекен” президентке импичмент жарыялайбыз деп атышат, бул аракет ишке ашат деп ойлойсузбу?

– Дагы бир жолу айтам, калыстык жана тактык үчүн “Ата Мекен” эмне себептен импичмент жарыялоо зарылдыгы бар, ошого ылайык материалдарды коомчулук алдына алып чыгышы керек. Материалда далилденген фактылар болсо, ар бир адам окуп, анан баасын берет. Бүгүн алар “жарыялайбыз” деп атышат, бирок биз эмнеге антип атканынын так себебин окуй элекпиз. Окубай туруп бир беткей жыйынтык чыгара албайбыз. Президентпи, жөнөкөй жаранбы, далилсиз каралоого туш болбошу керек. Башымдан өткөндөн кийин өзүмчө “мейли ал менин душманым болсо да, ким бирөөнү каралап, ушактабайм” деп чечим кабыл алгам. Себеби, анын да бала-чакасы, тууган-уругу бар.

– Бирок, кечээ күнү эле шилекей алышып, дос болуп маселелерди чогуу чечип жүргөн адамдардын тирешип чыкканы туурабы?

– Булардын шилекейлери бири бирине аккан эмес. Мен ошентип ойлойм. Ар бири өз кызыкчылыгы үчүн ошол мезгилдеги жагдай-шартка жараша чогуу жүрүшкөн. Мисалы, биз Камчыбек Кыдыршаевич экөөбүздүн ортобузга от жагыш үчүн саясатчылар да, жазмакерлер  да канча аракет кылышты. Бирок, ошонун баарын угуп туруп да, ишенбедик, бири-бирибизге жаман сөз айтышпадык. Биз үчүн адамгерчилик жогору турат. Адахан Кимсанбаевич тууралуу да кандай гана сөздөр айтылды: “бийликке сатылып кетти, санаалаштарын таштап кетти”,- дешти. Чынын айтуу керек, Адахан Кимсанбаевич барган кызмат 5 президенттин макулдугу менен чечиле турган маселе. Мен ал жөнүндө эч качан жаман сөз айта албайм. Бул инсандын кыргыз элинин алдында өтөгөн эмгегин унутуп койгон болбойт. Азыр анын деңгээлиндеги адамдар аз. Менин терең ишенимимде, достук мамиленин белгиси – кечээ кучакташып жүрүшкөндө бири-бирин мактап, кызыкчылыктар кагылышып кеткенде бирине бири баштан ылдый жугунду куюп жиберүү эмес. Кандай учур, кандай кырдаал болбосун адамгерчилик башкы орунда туруу керек.

– Саляновага кылмыш ишин козгоого аракеттер көрүлүп атпайбы, айрымдар буга “Келдибеков менен Ташиев биринчилерден болуп сүйүнөт болуш керек” деген пикирлерин билдирип атышат. Деги эле Саляновага кылмыш ишин козгоо саясий куугунтукпу?

– Бул айымдын өзүнүн “мыйзам алдында баары бирдей” деп айтканы бар. Биздин учурда саясий куугунтук болгон, мага козголгон кылмыш ишинде прокуратуранын, УКМКнын, Финполициянын “эч кандай күнөөсү жок” деген 7-8ден токтомдору бар. Ошол мезгилде кандай күчтүү адамдар прокурор, тергөөчү болуп иштеген, Салянова баарынан акылдуу болуп кетти дейсизби? Башкы прокуратуранын имараты өрткө чалдыкканда, канчалаган кылмыш иштери күйгөн. Анын баары кайра калыбына келтирилген эмес. Бир гана меникин эптеп гезиттерден кыркып тиркеп атышып, ордуна келтирип, кылмыш ишин козгошту. Эч качан көчүрмө менен иш козголбойт, а мага козголгон. Салянова да мыйзам алдында жооп бериши керек. “Камап салышсын”- дегенден алысмын, таза болсо сот алдында далилдесин. Ал өзү бир кезде сотко жете электе эле бизди айыптуу кылып чыгарган. Тарых алдында мага тагылган айыптар тууралуу документтерде бир да “сурак берди” деген жазуу жок. Жыл жыл соттошуп жүрдүм, бир гана жолу суракка алышкан. Бир жолу суракка алуу менен камаса болобу? Камап атышканда да сурашкан эмес, “Биз сизге айып тагып атабыз”, – дешип эле, камап салышкан. Мыйзам тебеленген, муну эми тарых тастыктайт.

– Саясий куугунтуктун айынан Б.Асанов, К.Кадыров, Б.Талгарбеков ж.б. бир катар саясатчылар абакта жатат. Булар тууралуу эмне дейсиз?

– Сүйлөгөн сөз үчүн камоого болбойт. Азыр бийликте отургандар кечээ оппозицияда болушчу. Ачуу менен канча сөздөр айтылган. “Ак үйдү ташбараңга алабыз, курал-жарак менен басып алабыз”- да дешпеди беле. Айткан сөздөрү үчүн кимиси камалды эле? Конституцияда сөз эркиндиги деп жазылып турат. Ар бир адам өзүнүн маданиятына, адебине жараша кайсы бир жерде отуруп цензурага туура келгенби, келбегенби сөздү айтып койсо, ал үчүн жоопко тартылбайт.

А эгер адамдын маңдайына келип сөгүнүп айтсаңыз, анда жоопкерчилик болот. Экөөбүз тоого чыгып алып Эшмат менен Ташматты сыртынан жаман көрүп, сөгүп атсак, ал үчүн камабаш керек. Мыйзам болушу үчүн ошол сөзүңө кошумча аракетиң да болушу керек. Митинг өткөрсө, чыр чыгарса, анда “кылмыш кылды” деп камаса туура болмок.

– Учурда дагы бир талаш жараткан маселе, апрель окуясы боюнча камалып эркиндикке чыккан адамдарга (Элмурза Сатыбалдиев, Нурлан Турсункулов, Каныбек Жороев ж.б.) райондук прокуратура “сот чечими туура эмес” деп атканы болууда. Прокуратура кайра арыздана турганын билдирди. Апрель окуясы боюнча сот ачык-айкын болуп, айыптуулар туура жаза алышкан деп эсептейсизби?

– Аскер адамдары аскердик кызматтарга келатканда мамлекеттин алдында, баш командачы – президенттин алдында ант беришет. Ант бергенден кийин президент кандай команда берсе аны аткарышат. Бул алардын кызматтык функциясы. Анан кызматтык функциясын аткарганы үчүн жоопко тартуу – чектен чыккан иш. Булар түздөн-түз адам өлтүрүүгө катышышкан эмес, түрмөдөн эчак эле чыгарыш керек болчу. Алардын кылмыш эмес, моралдык жактан жоопкерчилиги бар. Апрель окуясы тарыхыбызга так калтырган бурулуш. Көп нерселер бар. Чындык толук айтылбай жатат. Балким, буга азыркы бийлик да кызыкдар чыгаар. Убакты-сааты келет, чынында эмне болгонун билебиз. Ал эми түздөн-түз катыштыгы жок туруп соттолуп, камакта жылдап ден-соолугун короткон бул инсандарга карата соттун чечимин туура деп ойлойм. Менимче, прокуратуранын кайра сотко берип атканы кандайдыр бир процедуралык аракет болсо керек. Кийинкисине кам көрүп, “силер жетиштүү иштеген эмессиңер”- деген сөздөр болбош үчүн эле тек гана каршылык билдирип коюшту.

– Кыргызстандын ЕАЭБге кошулганына нааразычылыктар калыңдап атат. Негизи эле бул өлкө үчүн туура чечим болгонбу?

– Биздин бирден-бир стратегиялык, тарыхый мамилелеш өлкөлөрүбүз Казакстан менен Россия. Бекеринен Россияда 1 миллиондой, Казакстанда 100 миңдей кыргызстандыктар иштеп жүрүшкөн жок. Кандай кырдаал болбосун бири-бирибизге кол сунган мамлекеттербиз. Ошондуктан, тарыхый байланыштагы мамлекеттер менен бирге болуп, биримдикке киргенибиз туура болгон. Бирок, туура эмес тандалган чаласабат кадрларыбыз ушул жерде да кесепетин тийгизди, маселени тереңден түшүнбөгөндөр процесске аралашып, бизге керектүү шарттарды коюп, киргизе албагандыктан азыр кыйналып атабыз. Бирок, биримдиктин келечеги кең. Ыңгайлуу шарттарды болсо убакыттын өтүшү менен киргизип алсак болот. Ар бир өлкө өзүнүн рыногун коргойт. Ошол эле учурда бизге да шарт түзүлүп, рынок ачылып атпайбы. 6 миллион калкпыз, анын 1 миллиону сыртта жүрөт, жарымы кары-картаң, жаш балдар. Ошондо 2-3 миллион керектөө рыногу бар. Россияда 100-180 млн., Казакстанда 18 млн керектөө рыногу турат. Биздин ишкерлер жакшы эле иштеп атышат. Учуру келгенде биримдикке туура киргенибиз бааланат. Биз бир нерсенин жакшы жагын жазганды да үйрөнүшүбүз керек. Мага чет өлкөдөн бир конок келди, телевизор көрүп атып, 2-3 күндөн кийин айтып атат: “Силерде авария болду, каза болду, өлтүрдү дегенден башка кабар жокпу?” – деп. Байкап көрсөк, кайда караба көңүл чөгөргөн кабарлар. Жаңылыктардын 70-80%ы негатив, бирин бири жамандамай. Мисалы, азыр бир гезитти алып көрөлү. “Апасы кызына белек берди”, “Баласы атасына күлүк тартуулады” деген сыңары, сүйүү тууралуу бир жаңылык барбы? Жок. “Эгемен” сайты саясатчыларды оозго алгыс сөздөр менен сындайт. Бизди да бириккенибизде: “Ким пассив, ким актив?” деп жазышты. Илгерки мыйзам болгондо мындай сөз үчүн сотсуз, иликтөөсүз эле жазаласа болот болчу. Мен эми эмне кылышым керек? Ошолорго теңелип барып мушташмак белем. Булар эми бүгүнкү бийликке таянып алып, “бизди эч ким жазага тарта албайт” деген жоопкерчиликсиздикке белчесинен малынып алышкандар.

– Маек соңунда эркин микрофон узаталы.

– Кыргызстандыктарды бөөдө кырсыктан Кудай сактасын. Россияга кетип бараткан 7 адам жолдон кырсыкка учурап, каза болушуптур. Алар да тиричилик кылалы деп кетип атышса керек. Былтыр 17 кызыбыздан өрт кырсыгынын кесепетинен улам айрылдык. Жол кырсыгынан бир жылда миңдеген адамдар каза болушат. Мигранттардан бир жылда 1000ге жакын сөөк келет экен. Кургак учуктан жылына 200-300 адам, СПИДден 1000ге жакын адам каза табат. Эмнеге буларды айтпайбыз? Кыргыз жарандарында бир жылда канча ымыркай төрөлүп, канча адам каза болуп атат, карап чыкпайлыбы? Алдын-ала жыйынтык чыгаруу менен кыргыз улутун сактап калабыз. Анан да бизде түрмөгө камоо модага айланды. Тоок уурдаса деле алып барып камап таштайбыз. Балким, экономикалык көрсөткүчтү ошол уурдаган адамдын чөнтөгүнө урабыз, же аксакалдар соту деген бар, ошолорго таянып, гумандуулукка барабыз? Болбосо түрмө толуп кетти. Ал жакта илгеркидей завод иштебейт. Соттолгондор мамлекеттин эсебинен тамактанып, бекер отурушат. Аларды кайтарган канча деген абак кызматкерлерине айлык төлөйбүз. Мунун баары мамлекет үчүн чыгаша да. Мунун баарын ойлонбосок, саясат менен эле алектене берсек болбойт. Түрмөдө олтургандын 97 пайызы кыргыздар. Биз кайда баратабыз?

Кыргыздар бирибизди бирибиз сыйлабасак, бирибизди бирибиз көтөрбөсөк, бизди башка эч ким сыйлабайт да, көтөрбөйт. Кечиримдүү бололу, сыйчыл бололу. Түндүкпү, түштүкпү, батышпы, чыгышпы – бир улутпуз, бир атанын тараган урпактарыбыз. Жаңырган жыл жакшы жылдардан болсун.

Булак: “Майдан” 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − 19 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: