Германиянын канцлери Ангела Меркель Европарламент депутаттарын бирдиктүү европалык армияны түзүүгө чакырды. Бул тууралуу «Евроньюс» телеканалы билдирди.
«Биз бул маселенин үстүнөн иштешибиз зарыл. Күчтүү Европа гана өз баалуулуктарын коргоого кудуреттүү болот. Өз тагдырыбызды өз колубузга алышыбыз керек», — деди Меркель Страсбургда депутаттардын алдында сүйлөп жатып.
Сентябрдын аягында ЕБдин бирдиктүү армиясын түзүүнү Франциянын президенти Эммануэль Макрон дагы сунуштаган. “Биз өзүбүздү Кытайдан, Орусиядан, ал эмес АКШдан дагы коргошубуз керек», – деп билдирген ал «Европа-1» телеканалына берген интервьюсунда.
Макрондун бул сунушун АКШнын президенти Дональд Трамп дароо сынга алган. Ал Европада бирдиктүү армия түзүүдөн мурда НАТОдогу жеке чыгымдардын үлүшүн төлөө керектигин билдирген.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ