Кыргызстандагы Конституциянын жаңы долбоорун талкуулоонун алкагында “Коррупцияга каршы ишкерлер кеңеши» коомдук бирикмеси жана “Таза Кыргызстан үчүн” жаштардын платформасы өз демилгелери менен телефон аркылуу социологиялык сурамжылоо жүргүзүштү.
Курултайдын статусун көтөрүү демилгеси жөнүндө маалымдуулуктун төмөндүгүнө карабастан, калктын жарымы – 51,2 пайызы ал республикага пайда алып келет деп эсептешет. 35,8%ы жооп берүүдө кыйналган. Ал эми 12,9%ы каршы экенин билдирген.
Эксперттер бул маселе боюнча калктын позициясы курултайдагы демилгенин маалымдуулугунан көз каранды экендигин белгилешти. Курултай жөнүндө билгендердин арасында 72,9 пайызы аны оң деп баалашкан. Бул демилгени билбегендердин арасында 39,7 пайызы курултай пайдалуу болушу мүмкүн деп эсептешкен.
Социологдордун айтымында, бул кыйыр түрдө курултайдын форматы (учурдагы демилгелерди эске албаганда дагы) калктын көпчүлүк бөлүгүндө оң эмоцияларды пайда кылаарын көрсөтүп турат.
Изилдөө 2020-жылдын 8-ноябрынан 14-ноябрына чейин өлкөнүн ар бир облусунда жана Бишкек менен Ош шаарларында жүргүзүлгөн. Жалпы респонденттердин саны 6558 кишини түздү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ