Menu

Тажикстанда кыйноого айыпталган милиционерлер соттолду

Бөлүшүү:

Душанбеде сот төрт милиционерди кыйноо колдонуу жана кызмат абалын кыянат пайдалануу боюнча күнөөлүү деп таап, 7 жылдан 17 жылга чейин эркинен ажыратты.

Душанбе шаардык ички иштер башкармалыгынын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары Фарход Нурхонов 17 жылга, анын кол алдында иштеген эки кызматкер – Аваз Сабзаев, менен Икромиддин Ахлиддин 9 жылга, Умед Ваххобов 7 жылга түрмөгө кесилди.

Аларга каршы «Кыйноого алуу» жана «Кызмат абалын кыянат пайдалануу» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Маалыматка караганда, быйыл жыл башында алар Душанбенин тургуну Хамза Солеховду маңзат сатуу айыбы менен кармап, электр тогу менен кыйноого алышкан.

– Кыйноого чыдабай тергөөчүлөрдүн бардык документтерине кол коюп бергем, — деген Солехов.

Бирок мурдагы тартип сакчыларынын бири айыпталуучунун бажасы ага 2 000 доллар сунуштап, ага коюлган беренени жеңилине алмаштырууну өтүнгөнүн гана мойнуна алган

– Мен 1600 доллар алып, 400 долларын кайтарып бердим. Беренени жеңилине алмаштырган жокмун. Акча да сураган эмесмин. Хамза Солеховду кыйнаган эмеспиз, – деген мурдагы тергөөчү.

Хамза Солеховдун айтымында, милиционерлердин мыйзамсыз аракеттерине даттанган кишилердин саны 17ге жеткен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 + = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: