Бирөөгө ор казба, казсаң да тайыз каз, өзүн түшүп калышың мүмкүн” деген кеп бар эмеспи, оболу ошол сөз учурда Осмонов Болотко жарашып турган чагы. Опера жана балет театрынын башчысы Болот Салбарович ойдо жок жерден кызматынан алынды. Ага, 19-январда бул театрдын сахнасында өткөрүлгөн «Дота 2» компьютерщиктердик мелдеши себеп болгон. Коомчулук атактуулар ойного сахнада балдардын ойногонунан нааразычылык билдиришкен. Мындан туптуура 4 жыл мурун ал кездеги театрдын жетекчиси
Тимур Саламатов театр сахнасын Бишкек шаардык депутататтарынын туулган күнүн өткөрүүгө бергени үчүн кызматынан алынган эле. Кызыгы, Саламатовдун ордуна ор казган дал ушу Осмонов болгон. Анда Бокең маданият министрлигинин башкармалыгын жетектеп турган, Саламатовдун кемчилигин «чектен чыккан чекилик» деп сыпаттаган. Ии баса, Осмоновдун мындай обу жоктугу экинчи ирет кайталанып жатат. Максим Бакиев убагында театр сахнасында достору менен сайран кургандары ачыкталып, 2010-жылы Осмоновду ошол кездеги бийликтин айдап чыкканы бар. Айткандай, Осмоновдун ордуна Керим Турапов дайындалды.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ