УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып мурдагы вице-премьер министр Дүйшөнбек Зилалиевдин тушунда кен иштетүү, чалгындоо үчүн эң көп лицензия берилгенин айтты. Ал азыркы тапта Зилалиевдин тушунда лицензия алган 13 компания боюнча факты териштирилип жатканын, анын тушунда берилген лицензиялар эгемен Кыргызстандын тарыхында берилген лицензиялардын үчтөн эки бөлүгүн түзөөрүн кошумчалады. Буга чейин Биринчи май райондук соту мурдагы вице-премьер министр Дүйшөнбек Зилалиевди “өкмөттүк жолго жардыруучу зат коюлган” жалган маалымат бергени үчүн шарттуу түрдө 3 жылга соттогон Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 308-10-беренеси (“Мыйзамсыз баюу”) боюнча иш козголуп камалган. Эми лицензияларга байланыштуу дагы бир иш илингени калды окшойт.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ