Menu

Видео – №12, БакытТөрөбаев: Бишкектеги шайлоо участкаларында добуштарды фальсификациялоо коркунучу бар

Бөлүшүү:

«Жергиликтүү кеңештерге боло турган шайлоолор мыйзам бузуулар менен өтөөрүнө бизде негиз бар. Биздин партиянын демилгеси менен парламентте шайлоочулардын тизмесин тактоо боюнча комиссия түзүлгөн, бирок бул комиссия болгону бир жолу отурум өткөрдү дагы, андан соң чогула элек», – деп билдирди Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев.

Депутаттын белгилөөсүндө шайлоочулардын тизмесинде мыйзам бузуулар бар. Депутат буга далил катары бир эле даректеги 5тен 25ке чейин шайлоочу катталган документтерди көрсөттү.

«Мындай иштер Бишкектин бардык 4 районунда катталып жатат. Мисалы, Октябрь районунун №1107 шайлоо участогунда жергиликтүү шайлоо үчүн 1420 шайлоочу катталса, референдум үчүн – 1045 адам катталган. Мындай айырма кайдан чыгып жатат? Көрсө, жергиликтүү шайлоолор үчүн Бишкектин башка Свердлов, Ленин райондорунун жашоочулары кошумча катталган экен», – дейт Бакыт Төрөбаев.

Ошондой эле депутат, шаардагы ЖОЖдор өз студенттерин шайлоого массалык түрдө колдонот деп тынчсызданат.

«Бизге түшкөн маалыматтарга караганда, ИИМ Академиясынын курсанттарын взводу менен алып барып биометрикалык каттоодон өтүүгө мажбурлап жатышат. Ал эми башка ЖОЖдордо студенттердин паспортторун жыйнап алып, кошумча тизмеге киргизип жатышат», – деп белгиледи депутат.

Бакыт Төрөбаев сөзүн жыйынтыктап жатып, учурда өлкөдөгү бардык саясий күчтөрдүн башкы милдети – бул акыйкат жана тынч шайлоолорду өткөрүү экендигин белгиледи.

«2015-жылдагы парламенттик шайлоолор технологиялык өзгөчөлүктөрү менен эле эмес, акыйкаттуулугу менен тарыхта калды. Шайлоого катышкан бардык партиялар анын жыйынтыгына  бир ооздон макул болушту. Биз ачык, акыйкат шайлоо өткөрүшүбүз керек, бул Бишкекте эле эмес, өлкөнүн бардык аймактарындагы саясий стабилдүүлүктүн кепилдиги», – деп эскертти Бакыт Төрөбаев.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 + = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: