Menu

Төрөбай Зулпукаров, КСДП фракциясынан ЖК депутаты: “Сотторду тандоо кеңеши акы албаса, бул коррупциялык көрүнүштөргө түрткү болушу мүмкүн “

Бөлүшүү:

-Төрөбай мырза, Курманкул Зулушев экөөңүздөр сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрүнө акы төлөө боюнча мыйзам долбоорун демилгелеп жатыпсыздар. Анын маңызы, максаты эмнеде?

– Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрүнүн көпчүлүгү адвокатгар болуп калган. Сотторду тандоо кеңеши судьяларды тандап атат да, ошон үчүн алардын сот процесстерине катышуусуна бөгөт коюлган. Учурунда алардын иши аябай оор болчу, жөнөкөй мамлекеттик кызматкерге салыштырмалуу эки эсе көп жумушту аткарышчу. Ошон үчүн өкмөттүн токтому менен 2012-жылдан 2017-жылга чейин сотторду тандоо кеңешине сый акы төлөнүп келген. Сотторду тандоо кеңешинин 24 мүчөсүнүн сегизи судьялар болчу, алар өзүнүн негизги жумушунан бошотулуп, сотторду тандоо кеңешинде иш алып барышчу. Кийин мыйзамга өзгөртүү киргизилип, сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрү 24 кишиден тогуз кишиге чейин кыскаргандан соң өкмөт акча бере албай калган. Ошондуктан, 2017-жылдан бүгүнкү күнгө чейин алар эч жактан акы албай иштеп жатышат. Ар бир адам өзүнүн жумушуна жараша айлык акы алууга укуктуу. Жумуш көп болсо, анан эч кандай акы албаса, бул коррупциялык көрүнүштөргө да түрткү болушу мүмкүн да. Ошондуктан, биз токтомду мыйзамдаштырып, аларга сый акы берүүнү киргизип жатабыз. Сотторду тандоо кеңешинин тогуз мүчөсү бар экен. Өкмөт «алардын үчөө соттун мүчөсү, алар өздөрүнүн негизги жумушунан айлык акы алып жатышат, ошон үчүн аларга төлөбөй, алты адвокатка төлөп берели» деп өз тыянагын берди.

– Сый акынын өлчөмү канча болот?

– Судьялардын айлык оклады канча болсо, ошончо. Мурда 25 миң сомдон төлөнгөн экен.

– Эмне үчүн айлык эмес, сый акы? Бул сөз кулакка кичине кызыктай угулат экен.

– Коомдук башталышта иштегендерге мыйзам боюнча айлык төлөнбөйт, «сый акы» деген түшүнүктү киргизгенибиз ошондо.

Керим Мурас

Булак: «Азия ньюс»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: