Menu

Юстиция министрлиги Баткен жана Жалал-Абад облустарында төрт бекер юридикалык жардам берүү борборлорун ачууда

Бөлүшүү:

 Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Ист-Вест Менеджмент Институту тарабынан ишке ашырылып жаткан USAIDдин Биргелешип башкаруу программасынын колдоосу менен, төрт бекер юридикалык жардам берүү борборлорун (БЮЖБ) Баткен облусунун Исфана шаарында 2017 жылдын 14-июнунда, Кадамжай шаарында 2017 жылдын 15-июнунда, ал эми Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында жана Базар-Коргон айылында 2017-жылдын 16-июнунда салтанаттуу ачууда. Бул туурасында министрликтин басма сөз кызматы маалымдайт.

Салтанаттуу ачуу аземдерине Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Уран Ахметов, USAIDдин Биргелешип башкаруу программасынын директору Гарри Лэдбэттэр, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле жарандык коом уюмдары катышышат.

Азыркы учурда Чүй, Ош, Талас жана Ысык-Көл облустарында, ошондой эле Бишкек шаарында, 12 бекер юридикалык жардам берүү борборлору иштеп жатат. Акысыз жардам алууга кайрылган жарандардын саны жыл сайын өсүп барат. Буга чейин, 2017-жылы, 11 миңден ашуун жаран бекер юридикалык консультация алса, БЮЖБ борборлору ачылгандан тартып жалпысынан дээрлик 52 миң адам борборлорго юридикалык жардам алуу үчүн кайрылган.

БЮЖБ борборлору бардык каалоочуларга юридикалык консультация берүү үчүн, андан тышкары калктын аярлуу катмарлары үчүн укуктук коргоону жогорулатуу, сот адилеттигине жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, жана жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын ишке ашырууга жардам берүү үчүн ачык. Бул борборлордо жарандар, укуктук жардам көрсөтүүгө акылуу жана мамлекет кепилдеген юридикалык жардам берүү системасынын мүчөсү болгон, жогорку квалификациялуу юристтерден, мамлекеттик нотариустардан, ошондой эле жактоочу адвокаттардан консултация ала алат.

“Ушундай борборлордун иш аракеттеринен улам, биз Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана Кыргыз Республикасынын “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам” жөнүндө мыйзамы кепилдегендей, бардык жарандарга бирдей укуктук жардам алуу мүмкүнчүлүгүн жарата алдык. Укуктук коргоого муктаж болгон бир да жаран колдоосуз жана жардамсыз калбайт”, – деди Кыргыз Республикасынын Юстиция министри.

Ист-Вест Менеджмент Институту тарабынан ишке ашырылып жаткан USAIDдин Биргелешип башкаруу программасы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жарандардын укуктук жардам алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү демилгесин колдоп, Нарын облусунда ачыла турган эки борборду кошкондо алты бекер юридикалык жардам берүү борборлорун ачууга жардам берүүдө. Андан тышкары, USAIDдин Биргелешип башкаруу программасы учурда иштеп жаткан БЮЖБ борборлорунун көрсөткөн кызматтарынын сапатын жакшыртуу үчүн мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоого жардам көрсөтүүнү пландаштырып жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: