Menu

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен ооруктун эмгекчилери Жеңиштин 75 жылдыгына арналган Кыргызстан менен Россиянын мааракелик медалдары менен сыйланат

Бөлүшүү:

Бүгүн, 6-майда, Кыргызстандын шаарлары менен райондорунда аскер комиссариаттары менен биргеликте жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин жана аларга теңештирилген адамдарды, ошондой эле ооруктун эмгекчилерин «1941-1945–жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл» мааракелик медалы менен сыйлоо иштери башталды.

Ошол эле маалда ардагерлер менен ооруктун эмгекчилерине Россия Федерациясынын Президентинин атынан «1941-1945–жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл» мааракелик медалы тапшырылат.

Россия тараптын аталган медалды уюштуруу жана жасап чыгуу демилгеси 2018-жылдын 28-сентябрында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин чечими менен бекитилген. Медаль жалпы КМШ аймагына бирдиктүү болуп саналат.

Эске салсак, 2020-жылдын 30-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен биргеликте Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин жана аларга теңештирилген адамдарды «1941-1945–жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл» мааракелик медалы менен сыйлоону ишке ашырат.

Кыргызстанда сыйлана турган согуш ардагерлеринин (согуштун катышуучулары, майыптар, концлагерлердин жашы жетпеген туткундары жана Ленинград блокадачылары) жалпы саны 234 адам.

Ошоной эле 1769 ооруктун эмгекчилери сыйланат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: