Menu

Видео – Кожобек Рыспаев: “Балыкчы-Корумду жолунда иштеген 600 кыргызга Кытайдын “Лонг Хай” фирмасы 6 айдан бери айлык бере элек”

Бөлүшүү:

Ысык-Көлдө “Лонг Хай” деген компания жол салып жатат. Ал жакта иштеген 600 киши 6 айдан бери айлыгын ала албай жатат. Бул тууралуу кечээ, 6-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кожобек Рыспаев билдирди.

“Ысык-Көлдө “Лонг Хай” деген компания жол салып жатат. Аны билесиңер. 6 айдан бери 600 киши айлыгын ала албай жатат. Ал эми мен транспорт министрине суроо берсем ал “Лонг Хай” компаниясына макулдашуу боюна акчаны которуп койгонбуз деп жатат. Аларда жоопкерчилик болуш керекта. Мамлекеттен акчаны которуп берип жатсаңар, анда иштетип жаткан кыргыздын жарандарын кыйнабай жардам берип койгулада. Карантинде бир айлык эмгек акысын албагандар ачка болдук деп жатышат. Ал эми 6 айдан бери ала электер кантип жашап жатышат. Кыйналып жаткандар биздин жарандар, ошондуктан жардам берип койгула”,- деди Рыспаев.

Эсиңиздерге сала кетсек, Кытайдын “Лонг Хай” фирмасын Балыкчы-Корумчу жолун курууга 2015-жылы ошол кездеги премьер-министр Темир Сариев тендерде лобби кылып, күчкө салып өткөргөнүн ошол кездеги Транспорт жана жол министри Малабаев расмий жарыялаган. Ал эми Жогорку Кеңеш Темир Сариевди ушул кытайлык фирмадан 6 млн доллар пара алды деп айыптап, аны жумуштан кетүү боюнча арыз жазууга аргасыз кылган.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: