Кошмо Штаттар “Аль-Каида” террордук уюмунун негиздөөчүсү Усама бен Ладендин уулун глобалдык террорчулардын “кара тизмесине” киргизди.
Мамлекеттик департамент Хамза бен Ладен глобалдык террорчулардын тизмесине киргизилгенин 5-январда маалымдады. Анын атасы 2011-жылдагы Пакистанда Кошмо Штаттардын атайын күчтөрүнүн операциясы маалында өлтүрүлгөн.
Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүнө ылайык, Хамза бен Ладен “Аль-Каида” экстремисттик уюмунун мүчөлөрү тарабынан уюмдун башчысы катары жарыяланган.
Өткөн жылдын июль айында “Аль-Каида” террорчу уюму тараткан аудио билдирүүдө Хамза бен Ладен АКШдан атасынын өлүмү үчүн өч аларын айтып, Вашингтонду мусулмандарды кысымга алып жатат деп айыптаган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ