Menu

Коронавирустан каза болгондордун саны 3,8 миңден ашты

Бөлүшүү:

Коронавирустун жаңы түрүнөн каза болгондордун саны 3 825ке жетти. Бул маалыматты окумуштуулар тарабынан иштелип чыккан онлайн-карта көрсөтөт.

Бүгүнкү күндө 110 034 адам коронавирусту жуктурган. Акыркы эки күндүн ичинде 7 865 адам вирусту жуктурган. Муну менен бирге 61 977 киши илдеттен айыккан.

Адамдардын көпчүлүгү коронавирустун жаңы түрүн Кытайдын Хубэй провинциясынан жуктурган. Ал жакта 67 743 адам вирусту жуктурган. 3007 адам каза болуп, 46 433 киши айыккан.

Коронавируска чалдыккан өлкөлөрдүн саны дагы көбөйүүдө. Кытайдан тышкары 106 өлкөдө катталды. Алардын ичинен Түштүк Кореяда  (7 382), Иранда (6 566), Италияда (7 375), Германияда (1040 Францияда (1209) жана Испанияда (673) коронавирусту жугузуп алгандардын саны көп болгон.

Эсиңиздерге сала кетсек, 2019-жылдын декабрь айынын аягында Кытай бийлиги Ухань шаарында өпкө оорусунун күчөшү тууралуу айтып чыккан. Бул коронавирустун жаңы түрү –  COVID-19 экени аныкталган. Учурда коронавирус илдети дүйнөнүн туш-тарабына жайылууда.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 + = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: