3-ноябрда Өзбекстан президентинин милдетин убактылуу аткаруучу Шавкат Мирзиёев менен Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин ортосунда телефондук сүйлөшүү болду.
УзА маалымдагандай, казак тараптын демилгеси менен уюштурулган сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана гуманитардык тармактар боюнча өзбек-казак мамилелерин өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашышты.
Мамлекет башчылары эки тараптуу макулдашуулардын аткарылып жатканына канааттангандыктарын билдиришти.
Ошондой эле Шавкат Мирзиёев менен Нурсултан Назарбаев аймактык жана эл аралык мүнөздөгү айрым көйгөйлөрдү талкуулап, өз ара кызыкчылыктарга жооп берген маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу зарылдыгын белгилешти.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ