Menu

Видео – Аида Салянова конституцияны өзгөртүү боюнча СДПК элди кантип алдап жатканынын бетин ачып берди

Бөлүшүү:

“Бүгүн бийлик демилгелеп, 3-окуудан өтүп жаткан Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору мыйзамсыз экенин тарых үчүн айтып коюш керек. Бул демилге башталганда эле мыйзамда, конституцияда жок нормалар менен башталды”, – деп билдирди кечээ, 2-ноябрда Жогорку Кеңештин отурумунда “Ата-Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянова.

“Экинчиден, силер Конституциянын түп нускасы жоголду деп бир чоң оюн баштадыңар эле, бирок эле ачык жооп бербей туруп, түп нуска барбы же жокпу? Дегеле түп нуска деген эмне? деген суроолорго жооп бербей туруп, күчкө салып эле конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизип жатасыздар…  Үчүнчүдөн, бул насыя алган жарандар боюнча конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүү. Эгер бул норма кабыл алынса эми банктардан насыя алган жарандар насыясын төлөй албай калышса камалышат. Өзүңүздөр билесиздер, Кыргызстандын жарандарынын жарымынан көбү бүгүн кредит алып, насыяларды алып оокат кылып жатышат. Насыяларды төлөй албай калып, акыркы жашаган тамынан айрылып, мүлкүнөн ажырап, өмүрүн кыйган учурлар да көп. Бүгун силер ушундай жарандарды камаганга жол ачып жатасыңар. Ушундай мыйзамды элдик мыйзам деп айтууга болобу? Төртүнчүдөн, силер эмне үчүн Коргонуу кеңешинин атын Коопсуздук кеңеши деп өзгөртүп жатканыңарды эле түшүндүруп жатканыңарда “башка мамлекеттерге барганда несерьезный болуп калат экен” деген күлкүлүү аргументти келтирип жатасыңар да.  Бешинчиден, Кумтөр боюнча киргизип жаткан өзгөртүүңөр, мына жазып жатасыңар, “Кумтөр боюнча кылмыш иштеринин мөөнөтү эскирбесин”, ким кылмышка тиешелүү болсо жоопко тартылсын” деп. Бул жакшы, бирок эмне үчүн силер буга чейин Кумтө боюнча кылмыш иши ачылган 10 адамга бул мыйзам жайылтылбасын деп кошуп койдуңар? Кумтөр боюнча эң башкы күнөөкөрлөр ошол 10 киши да. Элге түшүндүрүп айтпайсыңарбы, эмне үчүн ошол Кумтөрдүн кылмыш иштерине аралашкан 10 адамга бул мыйзам жайылтылбайт!”- деди Аида Салянова.

https://www.youtube.com/watch?v=vqyu3pY61DY

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: