Menu

Блогер Сыдыман сотто кечирим сурап, үй камагына чыкты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 28-февралда Бишкек шаардык соту блогер Элмир Сыдымановду үй камагына чыгарды.

Сыдыман өкүнүп жатканын билдирип, кечирим сурады.

“Мен Ош облусун жамандап, элди түндүк-түштүккө бөлөйүн деген ниетим жок болчу. Видеодо жаман сөздөрдү кошуп сүйлөгөн үчүн дагы бир жолу кечирим сурайм. Мындай көрүнүш экинчи кайталанбайт” – деген блогер.

Белгилей кетсек, ал 17-февралда аймактар аралык кастыкты козутууга шектелип кармалган. 19-февралда Бишкектеги Октябрь райондук сотунун чечими менен блогер Элмир Сыдыманов эки айга камалган.

Эсиңиздерге сала кетсек, блогер Сыдыман өзүнүн Инстаграмдагы баракчасына түз эфирге чыгып, анда кээ бир облустардын тургундарына карата жаман сөздөрдү айтып, ашата сөгүп, пас сөздөрдү айткан. Кийинчерээк анын видеосуна эл реакция кылгандан кийин, видеокайрылуу аркылуу элден кечирим сураган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: