Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунда жол кырсыгынан 4 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 2-июль күнү саат 20:30 чамасында Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 48-чакырымында (Шор-Булак айылы) “Хонда-Степвагон” жана “Ауди-100” үлгүсүндөгү унаалары кагышкан. Кырсыктын кесепетинен 4 адам (1 жаш кыз жана 3 эркек, аты-жөндөрү такталууда) каза болуп, 2 эркек адам (1984-жылы туулган, 1983-жылы туулган) жабыркаган.
Окуя болгон жерге КР ӨКМнин Тоң райондук №38 ӨКБдан 4 куткаруучу, ИИМ кызматкерлери, тез жардам кызматы тартылган.
Куткаруучулар каза болгон жарандардын жансыз денелерин унаадан чыгарышып, ИИМнин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жарандарды тез жардам кызматы райондук ооруканага жеткирген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ