Menu

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-февралда, Москва шаарына болгон иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев менен жолугушту.
Тараптар жалпы күн тартибинин актуалдуу маселелери, анын ичинде регионалдык коопсуздук, экстремизм жана терроризм менен күрөшүү маселелери боюнча пикир алышты.
Президент Сооронбай Жээнбеков азыркы мезгилдин чакырыктары менен коркунучтарына каршы күрөшүүдө биргелешкен чараларды кабыл алуу зарылдыгын белгилеп, бардык багыттарда Россия тарап менен жигердүү кызматташууну улантууга даярдыгын айтты.
Ошону менен катар биргелешкен өз ара аракеттердин тереңдешине багытталган демилгелерди колдоого алгандыгы үчүн Дмитрий Медведевге ыраазычылыгын билдирди.
Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев эки өлкөнүн өз ара мамилесинин жогорку деңгээлин баса белгиледи. Ал кыргыз-орус кызматташтыгын бекемдөөгө мындан ары дагы өз салымын кошууга даярдыгын кошумчалады.
Ошондой эле эки өлкөнүн эл аралык уюмдардын, анын ичинде ЖККУнун да алкагында жакшы кызматташуусун белгилеп өттү.

                                                     

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 + = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: