Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга Кытайга барып келгенден кийин 14 күндүк карантинге алынды. Бул тууралуу чет өлкөлүк ММКлар жазып чыкты.
27-февралда Монголиянын президенти Кытайга бир күндүк иш сапары менен барган. Ал Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Ал Си Цзиньпинге монгол элинен белекке 30 миң кой берүү тууралуу сертификат тапшырган.
Коронавирус илдетинин өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу боюнча иш-чаралардын тартибине ылайык, Монголия президентинен жана аны коштоп барган делегациядан тест алынган. Андан кийин алар 14 күндүк карантинге алынган.
Эсиңиздерге сала кетсек, декабрь айынын аягында Кытай бийлиги Ухань шаарында өпкө оорусунун күчөшү тууралуу айтып чыккан. Бул коронавирустун жаңы түрү – COVID-19 экени аныкталган. Учурда коронавирус илдети дүйнөнүн туш-тарабына жайылууда.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ