Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын эксперти Катрина Гасснер Жогорку Кеӊештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинде Дүйнөлүк банк менен Кыргызстандын кызматташуу стратегиясы боюнча жолугушууда билдирди. Мындай маалыматты Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы жарыялады.
«Дегеле, Кыргызстандын энергетикалык тармагы мамлекеттик карыздардын өсүшүнө түрткү берүүдө. Өлкөнүн ички дүӊ өнүмүнүн 20 пайыздан ашуун бөлүгү энергетика тармагына тийиштүү. Мисалы, өнөр жайы менен коммерциялык керектөөчүлөргө коюлган электр кубатынын тарифи чыгымдын ордун жабат. Ал эми турмуш-тиричилик керектөөчүлөрүнө коюлган тариф өтө төмөн болгондуктан, өзүн актабайт», – дейт Дүйнөлүк банктын эксперти.
Ошондой эле, Кыргызстандын электр тармагында пайдаланып жаткан жабдуулардын жарымына жакыны жедеп эскирип бүткөндүктөн, аларды алмаштыруу зарылдыгы айтылды. Антпесе, 2014-2015-жылдардагы кыш мезгилиндеги көйгөйлөр кайталанып калышы ажеп эмес.
Андан сырткары, Дүйнөлүк банктын кеӊсе башчысы Болорма Амгаабазар Кыргызстан менен кызматташтып жаткан мезгил аралыгында Дүйнөлүк банк өлкөнүн экономикасына 1 млрд доллардан ашуун каражат салганын белгилөө менен бирге, мындан ары да кызматташтык мамилелерди улантып, жакырчылыкты азайтуу жаатында көмөк берүүгө кызыкдар экенин кошумчалады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ