Menu

Губернатор Кыянбек Сатыбалдиев 79 жаштагы энеге 10 миң сом жардам берди

Бөлүшүү:

КР өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Базар-Коргон районуна караштуу Могол айыл аймагынын Чкалов айылында жашаган 79 жаштагы Сайипжамал Тайевага өзүнүн резервдик фондусунан 10 миң сом акчалай материалдык жардамын берди. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди.

Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн аппаратынын социалдык мониторинг жана өнүгүү бөлүмүнүн башкы адиси Абдиллабек Камбаров өкүлдүн акчалай колдоосун багар көрөрү жок 79 жаштагы Сайипжамал Тайевага жеринде барып тапшырды. Мындан сырткары Базар-Коргон районунун акими Айбек Бегимкуловдун тамак-аш азык түлүктөрүнөн турган атайын белегин Базар-Коргон районунун акиминин социалдык маселелер боюнча орун басары Замира Адышова, Могол айыл аймагынын башчысы Эркинбек Турдукулов  дагы багар-көрөрү жок кадырман улгайган энеге азык-түлүктөрдөн турган белек-бечкектерин тартуулады.

Чкалов айылында жашаган 79 жаштагы багар-көрөрү жок Сайипжамал Тайеванын чалы Кадырбек аба мындан 20 жыл илгери көз жумган. Ошондон бери Сайипжамал эне үйүндө жалгыз жашап, өзүнүн тиричилигин өткөрүп келет. Чалынын тууган-уруктары менен колу-коңшулары жана социалдык тармактын кызматкерлери Сайипжамал энеден тез-тез кабар алышып, жашоосуна ар тараптан жардамдарын беришип, өз көмөктөрүн көрсөтүп келишет.

— Облустун жана жергиликтүү бийликтин башчыларына алыста жашаган менден атайын кабар алышып, 10 миң сом акчалай жардамы жана тамак-аш азык-түлүктөрүнөн белек-бечкектери үчүн ми мертебе терең ыраазычылыгымды билдиремин жана алардын иштерине ийгилик каалап, энелик ак батамды беремин. Өкмөтүбүз мендей жалгыз бой энелерди унутпагандыгына миң мертебе шүгүрчүлүк келтиремин. Көрсө, мамлекеттик бийлик өзүнүн жарандарын эч качан кароосуз калтырбайт экен. Кудайга шүгүр, өкмөтүбүз тарабынан 5 миң сом пенсия аламын. Мектепте 7 классты аяктаганмын, көп жылдар бою тээ союз убагында Ачы токой чарбасынын сүт товар фермасында саанчы болуп эмгектенгенмин,- дейт кадырман эне Сайипжамал Тайева.

Жалал-Абад облусунан жана жергиликтүү бийликтен барышкан өкүлдөр багар-көрөрү жок 79 жаштагы Сайипжамал Тайеванын жашоо шарты, кышка карата көмүр жана отун менен жетиштүү камсыз болгондуганан дагы  кабар алышты.

— Базар-Коргон району боюнча багар-көрөрү жок 184 улгайган адамдар жана 47 томолой жетим балдар бар. Томолой жетим балдарга банктан атайын жеке өздүк эсептери ачылып, 1000 сомдон акча которулган. Социалдык колдоого муктаж болушкан улгайган адамдар менен  балдарга мамлекет тарабынан каралган бардык жардамдар менен жеңилдиктер берилип келе жатат. Райондун аймагындагы мекеме-ишканалар, жеке ишкерлер менен демөөрчүлөр жана облустук казыят тарабынан социалдык жактан коргоого муктаж болушкан аярлуу катмарларга тамак-аш азык-түлүктөрү менен кийим кечелерден дагы жардамдар такай берилип турат,- деди Базар-Коргон райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Байышбек Сайипов.

Базар-Коргон районунун тоо зонасына жайгашкан Могол айыл аймагында учурда 3371 кожолук эл, же 15005 калк жашайт.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 70 = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: