Menu

Хожент түрмөсүндөгү тополоңго байланыштуу сот жараяны башталды

Бөлүшүү:

Хожент шаарындагы күчөтүлгөн тартиптеги №3 колонияда чыккан тополоңдун катышуучуларынын соту дүйшөмбүдө башталды. Бул иш боюнча абакта жазасын өтөп жаткан 30дан ашуун киши айыпталууда.

Абактагы тополоңду басуу учурунда, расмий маалымат боюнча 21 соттолуучу өлгөн. Эки түрмө кызматкери курман болуп, дагы бешөө жаракат алган.

11-мартта Тажикстандын Жогорку соту жана Башкы прокуратурасы сот жараяны “жабык эшик артында” өтөрүн, бул ишке “жашыруун” деген мөөр басылганын билдирди.

“Азаттыктын” тажик кызматы кабарлагандай, сот отуруму өтүп жаткан №2 абак тополоң чыккан колониядан анча алыс эмес жерде жайгашкан. Дүйшөмбү күнү эртең менен ал жерге өтө көп киши топтолгон. Бирок соттолуучулардын жакындары ичкери киргизилген эмес.

Өткөн айда тополоңго катышы бар делген 30дан ашуун кишинин иши Тажикстандын Жогорку сотуна жөнөтүлгөнү кабарланган. Аларга “Киши өлтүрүү”, “Денеге оор залал келтирүү”, “Бийлик өкүлдөрүнө каршылык көрсөтүү” жана “Түзөтүү абагындагы режимди бузуу” деген айыптар тагылууда.

​Жергиликтүү маалымат каражаттары өз булактарына таянуу менен Хожент колониясындагы тополоңдо 53 киши өлүп, 186сы жаракат алганын билдиришкен. Козголоң үчүн “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу жоопкерчилик алган. Тополоң 2018-жылы 8-ноябрга караган түнү болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: