Menu

Табылды Акеров, саясат таануучу: “Бакиевдер уурдап кеткен акчанын кайтарылышы – Сооронбай Жээнбековдун жеңиши”

Бөлүшүү:

– Бакиевдер алып чыгып кеткен акча кайтарылгандан бери түрдүү айыңдар айтылып, артында чоң саясат жатканы каңкууланууда. Сиз кандай саясый талдоо жүргүзүүдөсүз?

– Мен бул пикирлерге кошула албайм. Бакиевдер алып чыгып кеткен акча кайтарылды, бирок бул үчүн мындан мурда эле иш алып барылган. Ал баарыбызга белгилүү. Ошондуктан АКШ эми калган мүлктү да Кыргызстанга кайтарып бергени жатат. Эмки кезек самолетто калганы билдирилди. Бул АКШнын Кыргызстанда бүгүн болуп жаткан саясый процесстерине байланыштуу болуп жатат го. Бүгүн өлкөдө коррупция менен аёосуз күрөш жүрүүдө. Атамбаевдин мезгилиндеги жогорку кызматтагы бир канча адамдар камакта отурат. Мисалы, эки премьер-министр, министрлер, Бишкек шаарынын эки мэри ж.б. Мындан башка да бир топ чон кызматтагы адамдар коррупция менен кармалып, камакта сурак беришүүдө. Экс-президент Атамбаевдин учурунда өлкө коррупцияга белчесинен батып, мындай аракеттер болгон эмес эле да. Болсо да алар атайылап уюштурулган мүнөздө өтүп, АКШ жана башка Батыш өлкөлөр бул аракеттердин чын ниет менен жана акыйкат жүргүзүлүп жатканына күмөн санатып келген. Мына ошондуктан, АКШ Атамбаевдин учурунда бул акчаларды жана мүлктөрдү кайтарып берүү туура эместей сезилип, убакытты созуп, өлкөдөгү абалдын өзгөрүшүн күтүп жаткан болчу. Тагыраак айтсам, АКШнын Бакиевдер уурдап кеткен акчаларды жана мүлктөрдү кайтарып берип жатышы – бул бүгүнкү күндө өлкөдө жүргүзүлүп жаткан коррупцияга каршы күрөш менен түздөн-түз байланыштуу. Б.а. акчалардын кайтарылып берилип жатышы Сооронбай Жээнбековдун коррупция менен күрөштөгү аракеттеринин эл аралык деңгээлде бааланышы, таанылышы жана жеңиши.

Гүлжан Төрөбаева

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − 13 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: