Menu

Тажикстанда аскерге чакыруу өнөктүгүнө милиция дагы катышууда

Бөлүшүү:

Тажикстанда быйылкы аскерге чакыруу өнөктүгүнүн күзгү бөлүгүндө жаштарды армияга тартуу менен негизинен милиция кызматкерлери алектенүүдө. Бул тууралуу «Жарандык эркиндик кеңсеси» коомдук уюмунан билдиришти. Уюмдун укук коргоочусу жана адвокаты Дилшод Жураев мындай учурга өткөн аптада өзү кабылганын айтты.

«Көчөдө баратсам үч милиция кызматкеринин коштоосунда капитан келип, жашымды сурады. Мен аскерге жарактуу куракты айтып көрсөм эмне болот болду экен деп, 36да экенимди айтпастан 27демин дедим. Алар дароо эле мени колдон алып аскер комиссариатына жеткиришти. Аскер комиссары менин чыныгы курагымды жана эмне менен алектенеримди угары менен кечирим сурап, эч кимге даттанбашымды өтүндү», – деди Жураев.

Айтымында, ал аскер комиссариатында бир канча өспүрүм менен сүйлөшүп, алардын да ушундай эле жол менен алынып келингенин билген. Жалпысынан аскерге чакыруу өнөктүгү башталгандан бери «Жарандык эркиндик кеңсесине» армияга мыйзамсыз жол менен чакырылган өспүрүмдөрдүн ата-энелеринен 12 арыз келип түшкөн.

Уюмдун өкүлү Хуршеда Рахимованын айтымында, айрым жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жаштарды аскерге чакыруу үчүн милиция кызматкерлерин тартышууда. Мисал катары ал аскерге чакыруу планын аткарууга жардам берүү өтүнүчү менен ички иштер органдарына кайрылган Согди облусундагы Спитамен райондук акимчилигинин чечимин келтирди.

«Мындай чечим «Аскерге чакыруу жана аскер кызматы» тууралуу берененин бир катар беренесине каршы келет. Аскерге чакыруу алган адам аскер комиссариатына барбай койгондо гана алар чара көрүү үчүн милицияга кайрыла алышат. Биздин маалыматтар боюнча быйыл мындай мыйзамсыз жол менен аскерге тартуу учурлары кыйла көбөйдү», – дейт Хуршеда Рахимова.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: